3 Баш оона архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны
3
Баш оона

Бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү. Жыйында жалпы билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылына даярдыгы, 2019-2020-жылдарга карата Өкмөттүн калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү Программасы тууралуу маселелер каралды. Жыйындын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилерине белгиленген тапшырмалар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин Интернетке кошуу зарыл
3
Баш оона

«Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республиканын бардык мектептерин Интернетке кошуу зарыл. Бул маселе боюнча милдеттерди алган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети аларды кынтыксыз тартипте аткарууга тийиш», – тиешелүү тапшырманы бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында берди. Өкмөт башчы белгилегендей, эгерде окуу жылынын башталышына карата мектептердин 80% Интернетке кошулса, анда жыл Уландысы

Мухаммедкалый Абылгазиев: Атамекендик медицина тутумдуу өзгөртүүлөргө муктаж
3
Баш оона

Атамекендик медицина тутумдуу өзгөртүүлөргө муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында билдирди. Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, саламаттык сактоо тутумуна бюджеттен 2018-жылга 17 млрд 305 млн сомго каражат каралган, бул ИДПга карата  3,5 % түзөт. 2000-жылы 1 млрд 210 млн сом бөлүнүп, 2,1%ды гана түзгөн. Бүгүн Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга карата аймактык саясат Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Каржылоонун жылдан жылга көбөйгөндүгүнө карабастан, билим берүүнүн сапатынын төмөндөшү байкалууда
3
Баш оона

Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жыйынында билдирди. «Азыр республикалык бюджеттин 18,3% билим берүүгө жумшалат. Эгерде 2012-жылы билим берүүгө 21,6 млрд. сом бөлүнгөн болсо, 2018-жылы бул сумма 29,7 млрд. сомго чейин көтөрүлгөн, же 27%га көбөйгөн. “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2 938,4 млн сом бөлүнгөн, ошол эле учурда күндөлүк оңдоо иштерине жыл Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Билим берүү менен саламаттыкты сактоо жаатында учурда 104 жаңы объект курулуп жатат
3
Баш оона

Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. «2018-жылдын январь-июнунда ИДПнын көлөмү 213,6 млрд сомду түзүп, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 0,1% түздү. “Кумтөр” кенин кошпогондо өсүш 2,1%ды болду. Орточо жылдык инфляция 102,3%ды түздү. Экономикалык өсүш дээрлик бардык секторлордо байкалат. Айыл чарбасы боюнча аба ырайынын жагымсыз шарттарына жана күйүүчү-майлоочу материалдардын дүйнөдө кымбаттап Уландысы

Инвесторлор үчүн бардык документтер жана уруксат кагаздары менен инвестициялык лоттор даярдалат
3
Баш оона

Жерлерди трансформациялоо жана электр энергиясына кошуу маселелерин чечүү максатында даяр базалык инфраструктураны жана зарыл болгон уруксат кагаздарын камтыган инвестициялык лоттор даярдалат. Бул тууралуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешмеде Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.  Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, 2,8% деңгээлинде экономикалык өсүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетишүү максатында, бизнес жүргүзүү шарттарын мындан аркы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс эки жактуу кызматташтык маселелерин талкуулашты
3
Баш оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 3-августта, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык жана Кыргыз Республикасындагы ЕККУ программалык-долбоорлук ишмердигин ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. «Биз демократиялык кайта өзгөртүүлөр жана социалдык –экономикалык өнүгүү менен байланыштуу процесстерде ЕККУ тараптан колдоону ар дайым сезип турабыз. Ар түрдүү долбоорлорду ишке Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР