4 Аяк оона архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Заманбап дүйнөнүн жөнөкөй эмес шарттарында биз элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын кайталангыстыгын сактап калуубуз керек
4
Аяк оона

«Заманбап дүйнөнүн келечеги – бул жогорку инновациялык технологиялардын жана ааламдык илимий жетишкендиктердин жыйындысы. Ушул сыяктуу жөнөкөй эмес шарттарда биз элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын уникалдуулугун сактап калуубуз керек», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад»амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы»этнофестивалынын ачылыш салтанатында. Өкмөт башчы белгилегендей, меймандос кыргыз жергесинде үч күндөн Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кырчын этношаарчасына барды
4
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-сентябрда, Кырчын этношаарчасына барды. Өкмөт башчы өлкөнүн бардык жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары, чет элдик делегациялар, ошондой эле республиканын ар түрдүү чыгармачыл жамааттары тарабынан даярдалган боз үй шаарчасын көрүп чыкты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев капчыгайда боз үй тиккен этношаарчанын уюштуруучулары, өз продукцияларын сунуштаган кол өнөрчүлөр, ыктыярчылар, ошондой эле туристтер Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту
4
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 4-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Венгрия Республикасынын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы венгриялык коллегасына республикага келип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чарасына катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди жана Венгриянын Премьер-министринин расмий сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди. «Сиз менен жолугушкандыгыма Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР