12 Аяк оона архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусунда жүрөт. Бүгүн, сапардын алгачкы күнү Өкмөт башчы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы бир катар оорукана жана мектептердин ачылыш салтанатына катышты. Мындан тышкары, ал Алай районундагы Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, «Перите Коал» ЖЧК көмүр ишканасына барды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Перите Коал» ишканасынын иши жана Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында  Алай районундагы «Перите Коал» көмүр ишканасынын иши жана Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы Алай районунун бир катар айылдарынын тургундарын сугат суу менен камсыздаган каналдын курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты. Мухаммедкалый Абылгазиев алдыдагы иштердин планы менен тыкыр таанышып чыккан соң, аймак үчүн Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Аймактарды өнүктүрүү жылында жер-жерлерде билим берүү жана медициналык көмөк көрстөтүү сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында  Чоң-Алай районунун Шибээ жана Кулчу айылдарындагы орто мектептердин ачылыш салтанаттарына катышты. Салтанатты ачууда Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан тургундарды бул кубанычтуу окуя менен куттуктады. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө умтулууда. «Быйылкы жылы Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: «Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабиятка баа жеткис салым кошту»
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 12-сентябрда, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлерине жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган «Человек жив, пока о нем говорят люди» китебин берүү салтанатына катышты. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, көрүнүктүү жазуучунун маарекесин белгилөөнүн алкагында улуттук жана эл аралык иш-чаралар республикада, ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өтүп жатат. «Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дүйнөнүн булуң-бурчунан окурмандарын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк врачтардын жана медайымдардын айлык акысы жогорулатылат
12
Аяк оона

Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк врачтардын/жалпы практикалык врачтардын, үй-бүлөлүк медайымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматерлеринин айлык акысы жогорулатылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусунун Чон-Алай районундагы Карамык жана Жекенди айылдарындагы эки оорукананын ачылыш салтанатында билдирди. Салтанатты ачууда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чон-Алай районунун тургундарына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Уландысы

2018-жылдын 8 айында салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 17,3% же 9,8 млрд сомго өстү
12
Аяк оона

Салыктык түшүүлөр 66,5 млрд сомду түздү, же план 100,4% аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 17,3% же 9,8 млрд сомго өскөн. Салык кызматы боюнча түшүүлөр 39,4 млрд сомду түздү же план 100,4% аткарылган. 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 10,4% же 3,7 млрд сомго өстү. Бажы кызматы боюнча түшүүлөр 27,0 млрд сомду түздү же 100,4% аткарылган. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Ош облусуна барат
12
Аяк оона

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда, эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат. Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.   Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР