13 Аяк оона архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барды
13
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 12-13-сентябрда эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барды. Сапардын биринчи күнүндө Өкмөт башчы Ош облусундагы Чоң-Алай районунда бир катар орто мектептердин жана ооруканалардын ачылыш салтанаттарына катышты. Мындан тышкары ал Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, Алай районундагы «Перите Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасы менен таанышты. Жумушчу сапардын экинчи күнүндө Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суук түшкөнгө чейин Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айылындагы мектептин курулушун аяктоону тапшырды
13
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-сентябрда, Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ноокат районуна караштуу Он-Эки-Бел айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы балдар убактылуу билим алып жатышкан чатырларды кыдырып, мектептин жамааты жана окуучулар менен маектешти. Премьер-министрге мектептин имаратын тургузуу боюнча негизги курулуш иштери аяктаганы жана үстүбүздөгү жылдын этегине чейин окуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Дүйнөлүк рынокто биз билим аркылуу атаандаштык түзө алабыз, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө жана күчтүү болуусуна таяныч болот
13
Аяк оона

«Дүйнөлүк рынокто биз билим аркылуу атаандаштык түзө алабыз, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө жана күчтүү болуусуна таяныч болот», – бул туурасында бүгүн, 13-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатында билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, билим берүү тутумун өнүктүрүү маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тыкыр көзөмөлүндө турат. «Бүгүн ачылып Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул кадам ички жана тышкы миграцияны кыскартууну шарттайт
13
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-сентябрда, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ак-Терек жана Курбу-Таш айылдарындагы эки мектептин ачылыш салтанатына катышты. Премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкө аймактарын, анын ичинде жашоо шарты оор алыскы райондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. «Мында турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жабыркаткан жаратылыш кырсыктары болгон учурда биз, азыркы өлкө Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР