20 Аяк оона архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Коми Республикасынын башчысы Сергей Гапликов кызматташуу маселелерин талкуулашты
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасына сапары менен келген Россия Федерациясынын Коми Республикасынын Башчысы Сергей Гапликов менен жолугушту. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, кыргыз-россия кызматташуусу жогорку деңгээлде өнүгүүдө. «Ошону менен бирге биз кызматташууну аймактар аралык деңгээлде өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор маани беребиз. Белгилей кетсем, 2018-жыл биздин республикада Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланган жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитетинин жаңы жетекчисинин алдына бир катар конкреттүү милдеттенмелерди койду
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жамаатына жаңы төрага Эмил Осмонбетовду тааныштырды. Өкмөт башчы атамекендик экономиканын өнүгүүсүндөгү ведомствонун маанилүү ролун белгилеп, анын жаңы жетекчиси астына бир катар конкреттүү милдеттенмелерди койду. «Тоо кен тармагы өлкө экономикасына чоң салым кошууда. Ошондуктан тоо кен өндүрүшү жаатындагы Уландысы

Укук коргоо орган жетекчилерине ар-кыл иш-чараларды өткөрүүдө ишкерлерден каражат чогултууга жол берилбестиги тууралуу көрсөтмө берилди
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, өлкөнүн укук коргоо орган жетекчилеринини катышуусунда өткөн жумушчу кеңешмеде ар-кыл майрамдык жана юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө ишкерлерден каражат чогултууга жол берилбестиги тууралуу катуу көрсөтмө берди. «Жакынкы арада Жалал-Абад облусунун ИИБ атынан бизнес өкүлдөрүнө Кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдык юбилейин өткөрүүгө карата финансылык көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен каттардын жиберилиши боюнча Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, өлкө ишкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Ишкерлеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Урматтуу ишкерлер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Ишкерлер күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Ишкердик өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө, өндүрүштүн, салыктын көлөмүн жогорулатууга, элди иш менен камсыздоого зор таасирин Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Эне жана бала өлүмү маселесине мамлекеттин мамилесин түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кеңешме өткөрүп, анын жүрүшүндө энелердин жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү каралды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдиргендей, 2018-жылдын сегиз айында 36 эне өлүмү катталган. 2017-жылы бул көрсөткүч 34 учурду түзгөн. Анын айтымында, кош бойлуулардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири – адистерге убагында каттоого турбагандык, кош бойлуулардын гипертензивдик абалы, кансыроо, кандын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маморгандарды натыйжалуу программалык бюджет долбоорлорун иштеп чыгууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-сентябрда, жумушчу кеңешмеде мамлекеттик органдарды натыйжалуу программалык бюджет долбоорлорун иштеп чыгууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды. Бюджеттик процесстин ишинин программалык-максаттуу принциби жана бюджетти уюштурууга өтүү бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуунун бирден-бир негизги ыкмасы болуп калаары болжолдонууда. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле Транспорт Уландысы

«Кумтөр» кенинде 2018-жылдын экинчи жана үчүнчү кварталында кен өндүрүүнүн жогорулашы күтүлүүдө
20
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын президенти Дэниел Дежарден менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Кумтөр» кенинин 2018-жылдын соңуна чейинки пландык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү маселесин талкуулады. Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, 2017-жылы «Кумтөр» кенинде17,5 тонна алтын өндүрүлгөн, ал эми үстүбүздөгү 2018-жылга карата 15 тоннага жакын алтын өндүрүү пландаштырылган. «2018-жылдын аягына карай 2017-жылга салыштырмалуу 2,5 Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР