22 Аяк оона архиви

Болот Джунусов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды
22
Аяк оона

Джунусов Болот Төлөгөнович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Зууракан Каденова Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду
22
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош шаарынын ЖЭБине барды
22
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарынын ЖЭБине барды. Биринчи вице-премьер-министрге маалымдалгандай, жаратылыш газы жана мазут аркылуу иштеген Ош шаарынын ЖЭБи күз-кыш мезгилине 100% даяр. Белгилесек, аталган ишкана шаардын турак-жай фондунун 50%ын, ошондой эле бир катар социалдык мекемелерин жылуулук менен камсыздайт. Биринчи вице-премьер-министр алдыдагы жылытуу мезгилинде жылуулук Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунда жаңы социалдык объектилерди ачты
22
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ош облусуна эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Араван районунун Жаңы-Арал айылындагы 90 балага эсептелген жаңы бала бакчанын ачылыш салтанатындагы сөзүндө биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, өлкө Өкмөтү билим берүү тутумуна өзгөчө көңүл бурат. «Биз адамдын инсандык өнүгүүсү үчүн билим берүү канчалык зор мааниге ээ Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР