26 Аяк оона архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү
26
Аяк оона

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө баяндамасы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев чыкты. Андан соң 2018-2019-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Көмүр сатуу жайлары өлкөнүн ар бир калктуу пунктунда уюштурулууга тийиш
26
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрүп, анда 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү каралды. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы алдыдагы жылуулук мезгилине Бишкек шаарынын ЖЭБинин даярдыктарын аяктоону тапшырды. «Оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүлүүгө тийиш. Ошондой эле шаардык ЖЭБге  көмүрдү өз убагында ташууну камсыздоо зарыл. Өлкөнүн бардык жылуулук ишканалары суукка толук даярдыкта болуусу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз өз каражатыбызга жараша жашаганды жана ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үйрөнүшүбүз керек
26
Аяк оона

Биз өз каражатыбызга жараша жашаганды жана ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга үйрөнүшүбүз керек. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди. Күн тартибин кароо алдында Премьер-министр Өкмөттүн ишиндеги актуалдуу маселелерге токтолду. Ал өлкөдө орун алган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити жалпы дүйнөлүк коомчулуктун баалоосу боюнча Уландысы

Финансы министри 2019-жылга республикалык бюджеттин долбоорунун параметрлерин жана 2020-2021-жылдарга болжолун билдирди
26
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү, анда Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча баяндама жасады. Өз сөзүндө ал өлкөнүн 2019-2021-жылдарга карата негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн атады. Анын маалыматы боюнча, 2019-жылы ички дүң продуктунун өсүшү – 4,0%ды (же номиналдык көрсөткүчтө 604 млрд Уландысы

Сугат айдоо жерлерин которуунун (трансформациялоонун) Убактылуу тартиби коомдук талкуу процедурасынан өтүүдө
26
Аяк оона

2018-жылдын 2-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына “Кыргыз Республикасынын “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон. Бул мыйзамга ылайык трансформацияланган жерлер: 1) сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мораторий киргизилгенге Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Өкмөт өлкөдө жүргүзүлүп жаткан биргелешкен антитеррордук окууларга өзгөчө маани берет
26
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын антитеррордук бөлүктөрүнүн жетекчилик курамынын «Ысык-Көл – Антитеррор-2018» машыгуусуна катышты. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан биргелешкен антитеррордук окууларга өзгөчө маани берет. Бүгүнкү күнү республикада антитеррордук ишмердик субъекттеринин катышуусундагы антитеррордук тутумдун бирдиктүү механизми түзүлгөн, ал ар кандай террористтик коркунучтарга өз убагында Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР