27 Аяк оона архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Азия футбол конфедерациясынын башчысы, шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту
27
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Азия футбол конфедерациясынын (АФК) башчысы, шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолугушту.  Өкмөт башчы мейманды кыргыз жергесинде тосуп алууда Азия футбол конфедерациясын шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа жетектегенине байланыштуу футбол азия континентинде кеңири жайылып, динамикалуу түрдө өнүккөн спорттун түрүнө айлангандыгын белгиледи. «Бүгүнкү күндө футбол – бул жөн эле спорттун түрү Уландысы

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри 2018-жылдын декабрь айында тесттик режимде иштеп баштайт
27
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин (КЖБР) киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулду. Андан соң ченемдик-укуктук базаны бекитүү, КЖБР программалык Уландысы

Кыргызстан 2030-жылга Саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө глобалдык келишимге кошулду
27
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2030-жылга Саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө глобалдык келишимге кол койду.  2030-жылга Саламаттык сактоо тейлөөсү менен жалпы камтууга жетишүү жөнүндө глобалдык келишимге кол коюу аземи ушул күндөрү орун алган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында өттү. «Улуттун саламаттыгы – мамлекеттин бакубаттуулугунун негизи. Уландысы

Мухаммедкалый Абылгазиев павловния бак-дарактарын өстүрүү боюнча плантацияларды түзүү келечегин изилдеп чыгууну тапшырды
27
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана бир катар мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен павловния түрүндөгү дарактардын көчөтүн отургузуу боюнча өндүрүштүк плантацияларды түзүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, шаарлардын жана жаратылыш парктардын өсүмдүктөр дүйнөсүн байытуу үчүн өлкөдө токой чарбасын өнүктүрүү боюнча натыйжалуу кадамдарды кабыл алуу зарыл. «Социалдык дарак» Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Дипломатиялык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн керек
27
Аяк оона

Дипломатиялык паспорт жеке ыңгайлуулук үчүн эмес, кызматтык маселелерди ыкчам чечүү үчүн зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө билдирди. «Жогорку кызматтарды ээлеген кызмат адамдары кол алдындагы кызматкерлерге, ошону менен бирге коомдо жүрүм-туруму менен үлгү болууга тийиш. Болбосо мамлекеттик мамлекеттик кызматка келбешибиз керек. Азыр Сеулдагы аэропортто болгон көрүнүштү алсак. Жалпыга Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР