Тогуздун айы 2018 айынын архиви

Мухаммедкалый Абылгазиев: Индустриалдык-логистикалык парктын курулушу – Кыргызстанга бизнестин ишеним арткандыгынын ачык далили
31
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлчү жерге капсула коюу салтанатына катышты. Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда. «Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков Өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Чүй облусунун укук коргоо органдарынын ККЭК жана КЖБР киргизүүгө даярдыгын текшерди
30
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри  Жеңиш Разаков Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында ички иштер органдарынын жана финансы полициясынын Кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүүгө даярдыгын текшерди. Анын ичинде Жеңиш Разаков Чүй облустук ИИББ, ЭККМК райондор аралык бөлүмүнө, ошондой эле Аламүдүн, Ысык-Ата,Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын ички иштер органдарына барды. Аймактык түзүмдөрдү Уландысы

Дубай шаарында вице-премьер-министр Замирбек Аскаров мекендештер менен жолугушту
30
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарында өтүп жаткан Жашыл экономика боюнча дүйнөлүк саммитке катышуу алкагында аталган мамлекеттин аймагында жашап жаткан мекендештер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Замирбек Аскаровго мекендештердин жашоо-шарттары тууралуу маалымат берилди, андан соң көйгөйлүү маселелерге тийиштүү маектешүү орун алды. Вице-премьер-министр бардык сунуштарды угуп чыгуу менен Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги жана Башкы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Салык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун долбоору аркылуу биз көмүскө жүгүртүүдөн алып чыгабыз жана бюджетке олуттуу финансылык ресурстарды кайтарабыз
29
Тогуздун айы

Салык процедураларын электрондук фискалдаштыруунун долбоору – Өкмөт үчүн артыкчылыктуу, бул долбоор аркылуу олуттуу финансылык ресурстарды көмүскө жүгүртүүдөн алып чыгабыз жана бюджетке олуттуу финансылык ресурстарды кайтарабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү маселеси боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөттүн буйрутмасы жана БУУӨП кеңсесинин колдоосу астында даярдалган Кыргыз Республикасынын Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен соттук-укуктук реформалардын алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулады
29
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ЕККУ Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосундагы Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа алкагында өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты. Жеңиш Разаков белгилегендей, соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган кодекстердин жана мыйзамдардын новеллаларынын толук кандуу иштөөсүн Уландысы

Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев жергиликтүү жамааттарды кесиптик майрамы менен куттуктады
28
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  Мухамметкалый Абылгазиев жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин  кесиптик  майрамы – жергиликтүү жамааттардын күнү менен куттуктады.    Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:   «Урматтуу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар менен – Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттардын күнү менен чын жүрөктөн Уландысы

Кетирген кемчиликтери үчүн Финансы министри А.Касымалиевге сөгүш жарыяланды
26
Тогуздун айы

Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухамметкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү боюнча маселени кароонун жүрүшүндө кабыл алды.  Жыйындын жүрүшүндө талкууга коюлган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасап, аталган багытта аткарылган Уландысы

Финансы министрлигине биринчи кезекте артыкчылыктуу долбоорлорду жана программаларды каржылоону ишке ашыруу тапшырылды
26
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун жана программаларын каржылоону ишке ашыруу тапшырылды. “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы  министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады. «Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 2018-жылга республикалык бюджеттин кирешесинин Уландысы

1 2 3 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР