Тогуздун айы 2018 айынын архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жыл соңуна дейре Өкмөт курулуп бүткөн соцобъектилердин санын 165ге жеткирет
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө орто мектептерди ачуу салтанатына катышты. Ш.Гана атындагы мектепти ачууда Өкмөт башчы Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарын маанилүү окуя менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди. «Билим берүү тармагы – маанилүү тамактардын бири, аны өнүктүрүгө биз өзгөчө көңүл буруу менен Уландысы

Өкмөт бизнес-омбудсмен кызматын киргизүү маселесин иштеп чыгууда
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айтмамат Назаровдун бизнес-омбудсмен институтун түзүү зарылдыгы тууралуу сунушуна тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөндөгүлөрдү билдирет.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу алкагында ишкерлердин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты (бизнес-омбудсмен) түзүү маселеси иштелип чыгууда.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору иштелип Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммитке катышты
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн  Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммиттин ишине катышты. Замирбек Аскаров иш-чара катышуучуларына Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди жана тараптарды кызматташууга чакырды. «Кыргыз Республикасы «жашыл экономиканын» маанилүүлүгүн түшүнөт жана өнөктөштөр менен «жашыл экономика» принциптерин мындан ары карай алга Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат
25
Тогуздун айы

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн бир күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет. Мындан тышкары сапардын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады
24
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттукады.   Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:   Урматтуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.   Туура Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды
24
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев учурда пилоттук режимде иштеп жаткан мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын түзүү боюнча иштер төрт баскычта ишке ашырылгандыгын билдирди. «Бүгүнкү күндө 22 министрлик жана ведомство тараптан мамлекеттик электрондук тейлөөнүн 189 Уландысы

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак уланууда
24
Тогуздун айы

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак уланууда. Талапкерлердин документтерин кабыл алуу  2018-жылдын 25-ноябрына чейин жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия тарабынан төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине талапкерледен документ кабыл алуу мөөнөтүн 2018-жылдын 25-ноябрына  чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алынды: – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы; Уландысы

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүп жатат
24
Тогуздун айы

Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк тоо форуму өтүүдө, анын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Борбор Азия Университети саналышат. Иш-чаранын ачылышына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов катышып, климаттын өзгөрүүсүнүн бардык терс кесепеттери коомчулуктун күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизерин белгиледи. «Кыргыз Республикасы – тоолуу өлкө жана туруктуулук изилдөөлөрүнө ылайык, биздин өлкө климаттын өзгөрүүсүнө кыйла Уландысы

1 2 3 4 5 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР