Тогуздун айы 2018 айынын архиви

Афганистанда Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди
23
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн экспедиция тарабынан Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди. Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жакынкы айларда коом Ачык Өкмөттү түзүү боюнча иштердин конкреттүү натыйжаларын көрө алат
23
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча «Ачык Өкмөт» Улуттук иш-аракеттер планынын бет ачары боюнча конференцияга катышты. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп бул эл аралык демилгеге кошулган. Конференциянын башталышында Өкмөт башчы Кыргызстандагы Ачык Өкмөткө арналган арт-инсталляцияны ачты.  Өз сөзүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, кыргызстандыктардын күчтүү эрки менен Уландысы

Ереванда Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү
23
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чара Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы астында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биинчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Уландысы

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы Курулуш мамагенттигине кайтарылды
23
Тогуздун айы

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылып берилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Учурда «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлгөн «Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы» МИ ишинде эки Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кышкы жылуулук мезгилин туруктуу өтүүнү камсыздоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууну тапшырды
22
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2018/2019 күз-кыш жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга күз-кыш мезгилин туруктуу өтүүнү камсыздоого байланыштуу маселелерге бардык жоопкерчилик менен мамиле кылууну тапшырды. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында кардарларды жылуулук тутумуна кошуу иштери башталды. «Бишкек жылуулук түйүнү» ААК жана «Бишкек жылуулук энерго» Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты
22
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ереван шаарында (Армения Республикасы) «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты. «Евразия жумалыгы 2018» эл аралык форумунун алкагында Жеңиш Разаков Евразия жумалыгынын жалпы жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөтүнүн өкүлдөрү, бизнесмендер, саясатчылар жана эксперттер Биримдиктин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн интеграцияны тереңдетүү, Уландысы

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
22
Тогуздун айы

Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган. Эки өлкөнүн Премьер-министрлери Уландысы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары ЕЭК министрлери жана департаменттеринин жетекчилери менен ЕАЭБ актуалдуу маселелерин талкуулады
20
Тогуздун айы

 Москва шаарында 2018-жылдын 18-октябрында Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрт фракциясынын депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги Атайы өкүлүнүн ЕЭК коллегия мүчөлөрү (министрлери) жана департамент жетекчилери менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) боюнча өнөктөштөрү менен санитардык жана фитосанитардык Уландысы

1 2 3 4 5 6 12
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР