1 Тогуздун айы архиви

Канатбек Абдыкеримов «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды
1
Тогуздун айы

Абдыкеримов Канатбек Абдыжапарович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.   Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

«Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Ногойбаев Алмазбек Бердибекович ээлеген кызматынан бошотулду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш сүрөтчү Азамат Умаров менен жолугушуп, ага окуусун улантууга колдоо көрсөттү
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жаш сүрөтчү Азамат Умаров менен жолугушту жана ага И.Е.Репин атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик академиялык живопись, скульптура жана архитектура институтунда окуусун улантууга колдоо көрсөттү. Алдынкы ЖОЖдордун биринде окуу үчүн квотага жаш талант сентябрда  бардык тандоо сынагынан ийгиликтүү өтүп ээ болгон. Азамат Умаров – Каракол шаарында балдар үйүнүн тарбиялануучусу, ал өз талантын ушул Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз улуу муун үчүн күн сайын кам көрүүбүз керек
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Улгайган адамдардын эл аралык күнү Бишкектеги карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн социалдык стационардык мекемеге барды. Анда Өкмөт башчы интернаттын тургундары менен биргеликте майрамга карата уюштурулган концертти көрүп, аларды Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады. «Бүгүн жалаң гана улгайган адамдардын эмес, жалпы улуу муундун майрамы, – биздин өлкөнү түптөп, Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер –министри Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кадырман ардагерлер! Улгайган адамдардын эл аралык күнү – бул улгайган адамдарга карата сый-урмат көрсөтүү үчүн жана ыраазычылык жылуу сөздөрдү айтуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Улгайган адамдардын эл аралык күнү, акыркы жылдарда белгилеп келе жаткан улгайган Уландысы

2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар жогорулатылат
1
Тогуздун айы

2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулатылат. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, пенсияларды индексациялоо жыл сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.   Пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары карай колдоого алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-жылдын 1-октябрынан тарта өткөн Уландысы

2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын кошумча эмгек акысынын жаңы тутуму киргизилет, ага ылайык, алардын эмгек акысы жогорулатылат
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык, 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана медайымдардын кошумча эмгек акысынын жаңы тутуму киргизилет, ага жараша алардын эмгек акысы жогорулатылмакчы. Аталган чара медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле биринчи звенодогу медициналык кызматкерлердин финансылык кызыкдарлыгын  жана ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында кабыл алынган. Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов АКИК Төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту
1
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Америка Кошмо Штатына жумушчу сапарынын алкагында Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин (АКИК) Төрагасы Томас Файерстоун менен жолугушту. «John Deer» жана «Wilson Elser» компаниясынын өкүлдөрү катышкан жолугушуунун жүрүшүндө Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан экономикалык, салык жана башка тармактардагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, коррупция менен күрөшүү жана өлкөдө жагымдуу инвестициялык абалды түзүү тууралуу Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР