9 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды
9
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Кыдыруу учурунда Өкмөт башчы жаңы мектептин курулуш долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону камсыздоосун жана курулуш Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ар-бир ата-эне баласынын мыкты билим берүүгө жөндөмдүү күчтүү, адискөй мугалимге туш келишин каалайт
9
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылындагы О.Жакишев атындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.  Өз сөзүндө Өкмөт башчы айылдын жашоочуларын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн жылы сел агымдарынан кийин бул райондо жаңы мектепти куруу чечими кабыл алынганын эскертти. «Биз кабыл алган чечимдердин жана өз убагында аткарылган Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: Ар бир бала үй-бүлөнүн курчоосуна, камкордугуна жана мамлекеттик институттардын коргоосуна укуктуу
9
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Молдова Республикасынын Парламентинин социалдык коргоо, саламаттык сактоо жана үй-бүлө боюнча комиссиясынын төрайымы Валентина Булига менен жолугушту. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, социалдык коргоону камсыздоо маселесинде эки республиканын көз караштары бирдей. «Биз бул тармактагы оң тажрыйбалар менен алмашабыз деп ишенем. Биздин өлкө ошондой эле ар бир бала үй-бүлөлүк курчоо, камкордук жана мамлекеттик Уландысы

Бир катар маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык эмгек акы өлчөмү 80%га көтөрүлдү
9
Тогуздун айы

Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы  төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынды. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын  киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын  өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгилөө  каралган өзгөртүүлөр киргизилди: – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын; – Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын; – С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР