11 Тогуздун айы архиви

Лунара Мамытова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан бошотулду
11
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Мамытова Лунара Улукбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода кызматташтыктын келечегин талкуулады
11
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Кохир Расулзода кыргыз коллегасы менен саламдашууда белгилегендей, мындай жолугушуулар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдар алкагындагы актуалдуу маселелерди талкуулоого мүмкүндүк берет. «Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер достук жана коңшулук Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына келди
11
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан Республикасы) келди. Кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ алкагындагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат. Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонния Ожиело менен жолугушту
11
Тогуздун айы

 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору, БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонния Ожиело менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУ өнүктүрүү программалары ортосундагы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформалар алкагындагы өз-ара аракеттешүү маселелерин талкуулады. Вице-премьер-министр белгилегендей, БУУ бир катар жылдар бою экономиканын ар-кыл секторлорунда көмөк көрсөткөн Кыргызстандын туруктуу жана ишенимдүү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР