12 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов биринчи кезекте эки өлкөнүн товар айлантуусунун өсүүсүндө сезилген кыргыз-өзбек кызматташуусунун бардык багыттарда активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай кызматташуусунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жаңы мазмун менен толуктоо үчүн кеңири тармактарда келечектүү өз ара аракеттешүү пландары талкууланды. Анын ичинде, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Уландысы

ШКУ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
12
Тогуздун айы

Тажикстан Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Жыйындын жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылар (премьер-министрлер) бир катар, анын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун 2019-жылга карата бюджети жөнүндө, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу Программасынын жаңы редакциясын иштеп Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргыз Республикасы ШКУ алкагында кызматташтыкты ар тараптуу өркүндөтүүгө жана көп пландуу өнүктүрүүгө багытталган
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасы Уюмда төрагалык кылган өлкө катары Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кызматташтыкты ар тараптуу өркүндөтүүгө жана көп пландуу өнүктүрүүгө багытталган. Бул үчүн биздин өлкөлөрүбүздүн тийиштүү потенциалы бар жана биз кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кыйла актуалдуу маселелерди ийгиликтүү чечүүнү каалайбыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйшөмбү шаарында  өтүп жаткан (Тажикстан Республикасы) ШКУ мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ШКУ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышты. Жыйынды ачкан Тажикстан Республикасынын  Премьер-министри Кохир Расулзода делегация башчыларын берекелүү тажик жерине келиши менен куттуктады. Ал белгилегендей, ШКУ өлкөлөрү ШКУ мүчө-мамлекеттеринин жана туруктуу аракеттеги органдарынын улантуучулук жана тыгыз өз ара аракеттешүү принциптерин карманышат. «Биз белгиленген максаттарды жана мамлекет башчылар Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга катышты
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бирге Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууга катышты. Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон алдыдагы жыйындын катышуучулары менен жылуу саламдашты. «Биздин Уюм эл аралык мамилелердин заманбап тутумунун таасирдүү катышуучуларынын бири катары чыгаарын белгилөө кубанычтуу. Теңдик жана өз ара сыйга, ишенимге жана бардык тараптардын Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоо колониясына барды
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №14 мекемесиндеги  соттолгон аялдардын жана жашы жете электердин жашоо шарттары менен таанышты. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун, «Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекованын коштоосунда тергөө изоляторунун камераларын карап чыкты, ошондой эле соттолгондор менен алардын жашоо шарттарына нааразычылыктарынын болушу, медициналык кароо Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Афганистандын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту
12
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулады. Мухаммедкалый Абылгазиев афган коллегасы менен саламдашууда үстүбүздөгү жылдын октябрында парламенттик шайлоону жана келээрки жылы президенттик шайлоону өткөрүүгө ийгилик, ошондой эле өлкөгө жана афган элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады. «Биз эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү колдойбуз, себеби мындай Уландысы

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР