17 Тогуздун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министрлигинин жамаатына Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалган Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды. Өкмөт башчы тышкы саясат ведомствосунун жаңы жетекчисинин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп өттү. Ошондой эле ал министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн оңдуу аброюн түзүүдөгү жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине басым жасады. Премьер-министр жаңы Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы менен кызматташтыктын актуалдуу темаларын талкуулады
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев менен жолугушту. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Багдад Амреевди Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин баш катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктады жана анын адискөйлүгү, ошондой эле иш тажрыйбасы Уюм ишмердүүлүгүн активдештирүүгө көмөк берээрине ишеним билдирди. Жеңиш Разаков белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын, облус жана район жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы ыкмасын даярдоону тездетүүнү тапшырды
17
Тогуздун айы

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин ишмердүүлүгүн баалоонун жаңы ыкмасын киргизүү маселесин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, аталган демилге Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында кабыл алынууда жана өлкөнүн аймактарын комплекстүү өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын, облус жана райондордун жетекчилеринин отчеттуулук тутумун өркүндөтүү боюнча иштиктүү механизми Уландысы

Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бактыбек Секимовго жүктөлдү
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Секимов Бактыбек Шайыкбаевичке жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу ведомствонун статс-катчысы Каныбек Абдиевге жүктөлдү
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Абдиев Каныбек Маматбековичке жүктөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Ипотекалык пайыздык үстөктү гана эмес, турак жайдын баасын дагы төмөндөтүү механизмин иштеп чыгуу зарыл
17
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. «Калкты жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат. Бүгүнкү күнү «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын каржылоого республикалык бюджеттен 3,6 млрд сом бөлүнгөн. Бул 3,5 миң үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону шарттады», – деп билдирди Мухаммедкалый Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР