22 Тогуздун айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кышкы жылуулук мезгилин туруктуу өтүүнү камсыздоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууну тапшырды
22
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2018/2019 күз-кыш жылуулук мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынында тийиштүү мамлекеттик органдарга күз-кыш мезгилин туруктуу өтүүнү камсыздоого байланыштуу маселелерге бардык жоопкерчилик менен мамиле кылууну тапшырды. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында кардарларды жылуулук тутумуна кошуу иштери башталды. «Бишкек жылуулук түйүнү» ААК жана «Бишкек жылуулук энерго» Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты
22
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Ереван шаарында (Армения Республикасы) «Евразия жумалыгы 2018» үчүнчү эл аралык форумуна катышты. «Евразия жумалыгы 2018» эл аралык форумунун алкагында Жеңиш Разаков Евразия жумалыгынын жалпы жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Евразиялык экономикалык комиссиянын, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн өкмөтүнүн өкүлдөрү, бизнесмендер, саясатчылар жана эксперттер Биримдиктин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн интеграцияны тереңдетүү, Уландысы

Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү
22
Тогуздун айы

Өзбекстан Республикасынын Наманган шаарында 15-21-октябрда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүүсүн тактап жазуу боюнча маселе талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган. Эки өлкөнүн Премьер-министрлери Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР