23 Тогуздун айы архиви

Афганистанда Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди
23
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-сентябрындагы буйругу менен түзүлгөн экспедиция тарабынан Афганистан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздар үчүн гуманитардык жүк жеткирилди. Экспедициянын жүрүшүндө памир кыргыздарына 20 тонна ун, 4 тонна кумшекер, 4 тонна макарон жана башка азык-түлүк продуктулары, ошондой эле 20 метр куб жыгач, 120 даана темир меш, дары-дармектер жана медициналык буюмдар Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жакынкы айларда коом Ачык Өкмөттү түзүү боюнча иштердин конкреттүү натыйжаларын көрө алат
23
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-2020-жылдары Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча «Ачык Өкмөт» Улуттук иш-аракеттер планынын бет ачары боюнча конференцияга катышты. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп бул эл аралык демилгеге кошулган. Конференциянын башталышында Өкмөт башчы Кыргызстандагы Ачык Өкмөткө арналган арт-инсталляцияны ачты.  Өз сөзүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, кыргызстандыктардын күчтүү эрки менен Уландысы

Ереванда Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү
23
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чара Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы астында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биинчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Уландысы

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы Курулуш мамагенттигине кайтарылды
23
Тогуздун айы

«Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин карамагына кайтарылып берилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Учурда «Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын базасында түзүлгөн «Бишкек шаардык архитектура башкы башкармалыгы» МИ ишинде эки Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР