25 Тогуздун айы архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапар алкагында Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы Ш.Гана атындагы жана «Тогуз-Булак» орто мектептеринин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышты. Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл койду. Мындан тышкары сапардын алкагында Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Исфана шаарында орнотулган И.Раззаковдун эстелигине гүл койду. Мындан тышкары, Өкмөт башчы жергиликтүү фермерлердин жана кол-өнөрчүлөрдүн продукциясы тартууланган айыл чарба көргөзмөсүнө барды. Андан соң Мухаммедкалый Абылгазиев Исфана шаарынын борбордук стадионунда өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, Лейлек районунун тургундарын райондун 90 жылдыгы менен куттуктады. «Кыргыз Республикасынын Уландысы

Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратына тааныштырылды
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Улукбек Кочкоровду жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажырыйбасына белгилеп,  алардын  жетекчилиги астында  аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө  жакшы жагына  өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди. Ошондой Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Жыл соңуна дейре Өкмөт курулуп бүткөн соцобъектилердин санын 165ге жеткирет
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна бир күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө орто мектептерди ачуу салтанатына катышты. Ш.Гана атындагы мектепти ачууда Өкмөт башчы Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундарын маанилүү окуя менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди. «Билим берүү тармагы – маанилүү тамактардын бири, аны өнүктүрүгө биз өзгөчө көңүл буруу менен Уландысы

Өкмөт бизнес-омбудсмен кызматын киргизүү маселесин иштеп чыгууда
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айтмамат Назаровдун бизнес-омбудсмен институтун түзүү зарылдыгы тууралуу сунушуна тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты төмөндөгүлөрдү билдирет.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу алкагында ишкерлердин укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жакты (бизнес-омбудсмен) түзүү маселеси иштелип чыгууда.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору иштелип Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммитке катышты
25
Тогуздун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн  Дүйнөлүк жашыл экономика боюнча саммиттин ишине катышты. Замирбек Аскаров иш-чара катышуучуларына Кыргыз Республикасында жашыл экономиканын принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди жана тараптарды кызматташууга чакырды. «Кыргыз Республикасы «жашыл экономиканын» маанилүүлүгүн түшүнөт жана өнөктөштөр менен «жашыл экономика» принциптерин мындан ары карай алга Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат
25
Тогуздун айы

  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн бир күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Өкмөт башчы Баткен жана Лейлек райондорундагы мектептердин жана бала бакчанын ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле ал кесиптик лицейдин курулушунун жүрүшү менен таанышып, Исфана шаарындагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер И.Раззаковдун эстелигине гүл коет. Мындан тышкары сапардын алкагында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР