1 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат
1
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2-ноябрда Астана шаарында өтүүчү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Уландысы

Кыргыз Республикасы Doing Business рейтингинде өз көрсөткүчтөрүн жакшыртты
1
Жетинин айы

Дүйнөлүк Банктын кезектеги «Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) иликтөөсүндө Кыргыз Республикасы рейтингде өз көрсөткүчтөрүн 7 позицияга жакшыртып, 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү. Мында алдыңкы чектен болгон айырмачылык 2,57 пунктка кыскартылып, 68,33 баллды түздү. «Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести жөнгө салуу боюнча укук колдонуу тажрыйбасын жана мыйзамды баалаган иликтөө болуп саналат. Кыргыз Республикасы тарабынан төмөнкү багыттар Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Астанада ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
1
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйын Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун төрагалыгы алдында Беларусь Республикасынны Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана ЕЭК Коллегиясынын Уландысы

Биринчи вице-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2010-жылдын апрелинде курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү
1
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында жана 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыркагандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү. Комиссиянын төрагасы болгон Кубатбек Боронов белгилегендей, Өкмөт тарабынан 2010-жылы жабыркагандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүлүп келет жана улантылмакчы. Жыйындын жүрүшүндө 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандарга, Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк» тутумун ишке киргизүү алкагында мамлекеттик органдарга кыска мөөнөттө алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууну тапшырды
1
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун киргизүү алкагында Мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги маалыматтар базасын иштеп чыгуу планын аткаруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.  Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күндө «Тундук» Интернет-сайты иштелип чыккан, анда тутумдун катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алышат. Буга катар мамлекеттик органдардын «Түндүк» ведомство аралык Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
1
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын милиция күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: «Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын бардыгыңыздарды кесип майрамыңыздар – Милиция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары калыптануунун жана өнүгүүнүн узак Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР