2 Жетинин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.  Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, каралган иш-чаралардан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын сапаттуу жүзөгө ашырууну камсыздаган кошумча чаралар болушу зарыл. «Планда жазылган иш-чаралар кагаз бетинде гана калбоого тийиш. Натыйжа болушу үчүн ар бир Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астанада КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Мындан тышкары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусуна Уландысы

Астанадагы КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
2
Жетинин айы

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Кеңейтилген курамдагы жыйындын жүрүшүндө КМШ алкагында өлкөлөр ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер жана чаралар талкууланды. Натыйжада, КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары төмөнкү документтерге кол койду: – «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» Мамлекет Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: КМШ алкагында кызматташуу боюнча Кыргызстандын Өкмөтүнүн позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат, биз интеграцияны мындан аркы бекемдөөнү колдойбуз
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Премьер-министр ошондой эле Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусуна катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Нурсултан Назарбаев катышуучулардын ишине ийгиликтерди жана Кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз: Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Маданият ишмерлеринин зор аракети менен сакталып келе жаткан тарыхый-маданий мурастар, мыкты чыгармалар аркылуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астанага келди
2
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР