6 Жетинин айы архиви

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин жаңы орун басарлары дайындалды
6
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Солтонбекова Ализа Карыпбековна, Токтосартов Камалдин Акунович, Алыбаева Жаңыл Ишенбековна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлары болуп дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Кыргыз Республикасындагы 9 ай ичиндеги иш жүзүндөгү кырдаал макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун көрсөтөт, – Олег Панкратов
6
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү. 2018-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө  Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов баяндама жасады. Министр белгилегендей, 2018-жылдын январь-сентябрында улуттук экономиканын өнүгүүсү негизги соода өнөктөш өлкөлөрдүн экономикалык активдүүлүгүнүн басаңдоо өңүтүндө – геосаясий тобокелдиктердин, финансылык рыноктордогу туруксуздуктун сакталуу шарттарында жүрдү.   Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү Өкмөттүн бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытын айкын көрсөтөт
6
Жетинин айы

Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытын айкын көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары каралган жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өз сөзүндө Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн 9 айдын жыйынтыгы боюнча реалдуу экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүш камсыздалган. «Өзгөчө Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө
6
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйында 2018-жылдын январь-сентябры үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралууда. Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө түрдүү маселелер талкууланат. Жыйындын күн тартибине киргизилген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын экономика  министри Олег Панкратов баяндама жасайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР