12 Жетинин айы архиви

Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды
12
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.   Аталган мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады.   Комитеттин Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат
12
Жетинин айы

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык коргоо тутумун санариптештирүү үстүндө иш алып барат. Көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга, өзгөчө  мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата социалдык тейлөө тармагы кеңейтилет», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө.   Өкмөт башчы белгилегендей, социалдык төлөмдөр механизмин оптималдаштыруу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Бюджеттик саясат аймактарды өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган
12
Жетинин айы

«Ресурстардын чектелгендигине карабастан, бюджеттик саясат аймактарды өнүктүрүүгө жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган», –­ деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароонун жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2019-жылы ИДП реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда
12
Жетинин айы

«2019-жылы ИДП реалдуу өсүшү 4 % деңгээлде болжолдонууда, ал экономиканын тейлөө, курулуш, айыл чарба жана өнөр жай сыяктуу тармактарынын салымы аркылуу камсыздалат», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынынын жүрүшүндө. Комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР