20 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Бишкектеги абанын булгануу көйгөйүн чечүүдө олуттуу аракеттер жана комплекстүү мамиле кылуу талап кылынат
20
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө адамдардын ден соолугуна олуттуу тобокелдик жараткан Бишкек шаарындагы жана анын чет жакаларындагы атмосфералык абанын булганышы көйгөйү тууралуу так түшүнүк бар. Бул абалды иш жүзүндө жакшыртуу үчүн олуттуу аракеттерди жана комплекстүү мамиле кылууну талап кылган абдан маанилүү маселе. Адистердин пикиринде, Бишкек шаарындагы абанын сапатынын бузулуусунун негизги себеби шаардык чөйрөнү пландаштыруудагы ар кайсы жылдары Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Биринчи Демден” аттуу улуттук кампанияны ишке киргизүүгө катышты
20
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Дүйнөлүк балдар күнүн майрамдоонун алкагында  Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүнө барып, балдардын жарык дүйнөгө келген учурдан тартып, укуктарын алдыга жылдырууга багытталган  “Биринчи Демден” аттуу улуттук кампанияны ишке киргизүүгө катышты. «Биринчи демден» компаниясынын алкагында республика боюнча  Дүйнөлүк балдар күнүндө төрөлгөн  эки миң ымыркай көк лентага байланган белек алышат. Уландысы

Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды
20
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Дамир уулу Максат Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – министрдин орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР