27 Жетинин айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: ЕАЭБ алкагында бирликке мүчө-мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууга багытталган реалдуу иш алып баруучу финансылык колдоо институтун түзүү зарыл
27
Жетинин айы

Интеграциялык бирликтин алкагында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууга жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган реалдуу иш алып баруучу натыйжалуу финансылык колдоо институтун түзүү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы(Беларусь Республикасы)Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынында билдирди. «Тар курамда биз өлкөлөрдүн экономикасын мындан ары карай өнүктүрүү үчүн принципалдуу мааниге ээ болгон, ошондой эле Уландысы

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага дайыма кам көргөн ата-энелерди мамлекеттик колдоонун жаңы тутуму бекитилди
27
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Токтомуна кол койду. Жобо багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелерди колдоо максатында социалдык кызматтын жаңы түрү «жеке ассистентти» түзөт. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту
27
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында(Беларусь Республикасы)Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышып жаткан Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко кеңешме катышуучулары менен саламдашууда товарлар, тейлөө, капиталдар жана жумушчу күчтү, жалпы тармактык рынокторду уюштурууга тоскоолдуктарды жоюу Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Минск шаарында ЕӨАК кезектеги жыйыны тар курамда өтүүдө
27
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны тар курамда өтүүдө. Андан соң ЕӨАК жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Жыйындын башында ЕАЭБ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынынын алкагында Беларусь Премьер-министри Сергей Румас менен делегация башчыларынын саламдашуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку технологиялар паркына барды
27
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы «Жогорку технологиялар паркынын администрациясы» Мамлекеттик мекемесине барды. Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский Өкмөт башчыга мекеменин ишмердиги тууралуу айтып берди жана бул ИТ-бизнестин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн атайы салык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигине токтолду. Парк экстерриториалдык принцип боюнча иш алып Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Агрокомбинат «Дзержинский» агрардык өнөр жай холдингине барды
27
Жетинин айы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында «Агрокомбинат «Дзержинский» ААК агрардык өнөр жай холдингине барды. Өкмөт башчы Дзержинск районунун эң ири ишканасынын өндүрүштүк аянтын көрүп чыкты – бул 18 миң га айыл чарба жерлери, анын ичинде 13,6 миң га айдоо жери. Интеграцияланган агрардык өнөр жай ири холдинги болгон «Дзержинский» агрардык комбинатынын негизги ишмердиги канаттуулардын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минскиде Ч.Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанатына катышты
27
Жетинин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарында(Беларусь Республикасы)Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана жеке өзүнүн атынан Беларусь Республикасынын жетекчилигине, ошондой эле Минск шаардык аткаруу комитетине Чыңгыз Айтматовдун наамын баатыр-шаар Минскинин борборундагы көркөмдүү паркка ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР