4 Бештин айы архиви

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусундагы кырсыктан жабыркаган объектилерди кыдырды
4
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө кырсыктан жабыркаган райондорду кыдырды. Кубатбек Боронов катуу шамалдан жабыркаган обьектилердин абалы жана аларды калыбына келтирүү боюнча чаралар менен таанышты. Тактап айтканда, Балыкчы шаарында ал Ч.Айтматов атындагы №5 орто мектепке барды, анда жалпы аянты 550 чарчы метр келген чатыр Уландысы

Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү» рейтингинде позицияларын жакшыртты
4
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бизнес жүргүзүү» («Doing Business») эл аралык рейтингиндеги Кыргызстандын позициясын жакшыртуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, «Төлөм жөндөмсүздүгүн чечүү» – 82-орун (+37), «Эл аралык соода» – 70-орун (+14), «Миноритардык инвесторлорду коргоо» – 38-орун (+13) жана «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын Кыргызстандагы Элчиси Ха Те Ёк менен жолугушту
4
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Ха Те Ёк менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Кореянын ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда өз ара аракеттешүү келечектери талкууланды. Кыргызстанда түзүлгөн бизнес жүргүзүүнүн ыңгайлуу шарттарын, Евразия мейкиндигинде экономикалык интеграция процесстеринде катышуусуна байланыштуу өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана Европа биримдиги тарабынан сунушталган ВСП+ Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Корея импортчулар ассоциациясынын төрагасы Мёнг Жин Шин соода-экономикалык өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
4
Бештин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Корея импортчулар ассоциациясынын (КОИМА) төрагасы Мёнг Жин Шин менен жолугушту. Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстан Түштүк Корея менен кызматташууга өзгөчө маани берет. «Белгилей кетсем, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу потенциалы келечектүү болуп саналат. Бул багыттагы кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга тийишпиз. Ошол эле учурда Кыргызстандагы корей товарларынын экспорттук Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР