2019 жылдык архиви

2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планы коомдук талкууга чыгарылды
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  «2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин баалоосу боюнча 2017-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 125,2 млрд сом өлчөмүндө болгон, анын ички дүң продукциядагы үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайыздык көрсөткүчкө чейин төмөндөп, 23,6 пайызды түздү. Бул баалоо эл Уландысы

Эрмек Мамыркалиев Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
12
Аяк оона

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйыны өттү. Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Премьер-министр белгилегендей, Антикоррупциялык кеңеш жарандар жана бизнес ак ниет менен иштебеген мамлекеттик кызматкерлер тараптан, ашыкча жөнгө салуучу тоскоолдуктардан жана айрым мыйзам актыларынын кемчилдиктеринен сезген көйгөйлөрдүн белгилерин талкуулоо боюнча түз Уландысы

Өкмөт калктын аярлуу катмары үчүн адистештирилген турак жай фондун түзүү маселесин карап жатат
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын аярлуу катмары үчүн адистештирилген турак жай фондун түзүү маселесин карап жатат. Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди, жетим балдар, жатак мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле  калктын социалдык аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу маселеси турат. Балдардын укугу жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Конвенциясын жана Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясын ратификациялоо менен, Уландысы

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү
11
Аяк оона

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков белгилегендей, буга чейин кабыл алынган чечимдердин алкагында эки жумушчу топ түзүлүп, алардын курамы аныкталды. Кой-Таш айылындагы окуялардын кесепетинен келип чыккан себептик-иликтөө байланыштарын изилдөө боюнча топко: Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Россия Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуанов менен жолугушту
11
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун жумушчу жолугушуусу болду. Жолугушууда тараптар Евразия экономикалык биримдигине кошулуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына техникалык жардам көрсөтүү боюнча Макулдашуунун жүзөгө ашырылышы, жогоруда айтылган Макулдашууга ылайык, техникалык жардамды берүүнү тездетүү жана айрым Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Айыл чарбасын каржылоо» программасын ишке ашыруу механизмдери жакшыртылышы керек
11
Аяк оона

«Айыл чарбасын каржылоо» программасын ишке ашыруу механизмдери жакшыртылышы керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешмеде билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, «Айыл чарбасын каржылоо» программасы аймактарды өнүктүрүү үчүн иштөөгө тийиш. ««Айыл чарбасын каржылоо» программасы боюнча алынган каражаттарды максатсыз пайдалануу учурлары бар. Мисалы, фермерлер породаларды жакшыртууга, малдын башын көбөйтүүгө же өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө насыя алышат. Бирок Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү
11
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2022-жылы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатка тандоо туру өтө турган Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо көчмө жыйын өткөрдү. Стадиондун жана Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Алтынай Өмүрбековага стадиондун, футбол аянтчасынын жана секиченин алдындагы бөлмөлөрдүн абалы тууралуу маалымат беришип, стадионду оңдоп-түздөө, айрым отургучтарды алмаштыруу керектигин белгилешти. Алтынай Уландысы

1 2 3 4 95
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР