2019 жылдык архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуттук көчмөндөр оюндары өтө турган Талас обулусунда көчмө жыйын өткөрдү
13
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова 2019-жылдын 16-21-сентябрына чейин Талас облусунда өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына карата даярдык жана аны өткөрүү иштери боюнча аталган облуста көчмө жыйын өткөрдү. Алтынай Өмүрбекова «Манас Ордо» улуттук комплексинин аймагын жана мелдештер өтө турган Талас шаарындагы ат майданды көрүп чыкты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев вице-премьер-министрге Уландысы

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Курсан Асанов жана Равшан Жээнбековдун маалыматын угушту
13
Аяк оона

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕРӨБ Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолукту
13
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн делегациясы менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жылуу тосуп алып, өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүүдөгү банктын маанилүү ролун белгилөө менен Кыргызстанда инфратүзүмдүк долбоорлорду, реформаларды жана бизнести колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Европа Уландысы

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегация Ош облусунун Араван районуна жөнөп кетти
12
Аяк оона

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы  Ош облусунун Араван районуна барышты. Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына жаңы министр Каныбек Исаковду тааныштырды
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган Каныбек Исаковду тааныштырды. Өкмөт башчы айткандай, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап билим берүү тутумун түзүү мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп саналат. «Өнүгүү үчүн ири сырьелук ресурстары жок өлкөлөр үчүн билим берүүнүн сапаты жана Уландысы

2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планы коомдук талкууга чыгарылды
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  «2019-2021-жылдарга карата экономиканын көмүскө секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин баалоосу боюнча 2017-жылы көмүскө экономиканын көлөмү 125,2 млрд сом өлчөмүндө болгон, анын ички дүң продукциядагы үлүшү өткөн жылга салыштырмалуу 0,9 пайыздык көрсөткүчкө чейин төмөндөп, 23,6 пайызды түздү. Бул баалоо эл Уландысы

Эрмек Мамыркалиев Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
12
Аяк оона

Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Антикоррупциялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү
12
Аяк оона

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйыны өттү. Жыйынга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Премьер-министр белгилегендей, Антикоррупциялык кеңеш жарандар жана бизнес ак ниет менен иштебеген мамлекеттик кызматкерлер тараптан, ашыкча жөнгө салуучу тоскоолдуктардан жана айрым мыйзам актыларынын кемчилдиктеринен сезген көйгөйлөрдүн белгилерин талкуулоо боюнча түз Уландысы

1 2 3 4 5 97
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР