15 Үчтун айы архиви

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын негизги максаты – укук коргоо органдарынын ишмердигиндеги ачыктыкты бекемдөө жана мыйзамдарды гумандаштыруу
15
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков маалымат жыйындын жүрүшүндө 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген жаңы кодекстердин жана мыйзамдардын негизги ченемдери тууралуу айтып берди. Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, бул кодекстер жана мыйзамдар (Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекси, Жазык-аткаруу кодекси, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жоруктар жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» Мыйзам) өлкөдөгү соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган. «Эксперттик жумушчу топтор түзүлүп, натыйжада Уландысы

Кайрат Иманалиев КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды
15
Үчтун айы

Иманалиев Кайрат Олжобаевич Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жаңы орун басар маданият тармагын тейлейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коомдук уюм өкүлдөрү менен балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселесин талкуулады
15
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча эл аралык жана коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту.  «Бүгүнкү жолугушуу жалпыбыз үчүн маанилүү болуп саналат, анткени, биз биргеликте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга байланыштуу абалды жакшыртууга багытталган ишин өркүндөтүүнү каалайбыз. Биз үчүн балдарды коргоо боюнча иште тажрыйба Уландысы

2018-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейинки мезгилдеги транспорттук көзөмөл жана товарларды каттоого алуу боюнча убактылуу пункттардын иш жыйынтыгы жөнүндө маалымат
15
Үчтун айы

Транспорттук көзөмөл жана товарларды каттоого алуу боюнча убактылуу пункттар 2018-жылдын 1-октябрынан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жанындагы 4 көзөмөл-өткөрүү пунктуна, атап айтканда, Талас облусунун Манас районундагы («Чоң-Капка автожол»), Чүй облусунун Панфилов районундагы («Чалдыбар автожол»), Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы («Ак-Тилек автожол»), Чүй облусунун Аламүдүн райондагы («Ак-Жол автожол») пункттарына жанаша иш алып бара баштаган. Бардык убактылуу пункттарда Уландысы

«Кум-Бел» көмүр кениндеги абал жөнүндө
15
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кениндеги абал боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин алдын-ала жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй маалыматты билдирет. Жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын ишинин алкагында белгиленгендей, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кенинде жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден тышкары жүргүзүлүүдө. Буга катар кен казууда чыккан үйүндүлөр бульдозердин жардамы менен тоо Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР