24 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев футбол боюнча улуттук кураманын урматына арналган салтанатка катышты
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев футбол боюнча улуттук кураманын урматына арналып Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөн салтанатка катышты. Премьер-министр өз сөзүндө Өкмөттүн жана бардык күйөрмандардын атынан кураманын мүчөлөрүн учурда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунда татыктуу катышуусу менен куттуктады. «Кураманын бардык мүчөлөрүнө жана машыктыруучу штабына элибизге тартуулаган белеги үчүн ыраазычылык билдирем. Биздин курама Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Отун-энергетикалык комплексинин ишканалары керктөөчүлөрдү электр энергиясы жана жылуулук менен мынндан ары карай үзгүлтүксүз камсыздоону улантышы зарыл
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылкы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү. Кубатбек Боронов белгилегендей, энергия жабдууларын ремонттоонун, керектүү өлчөмдө көмүр ташып келүүнүн жана Токтогул суу сактагычына сууну топтоонун натыйжасында энергетикалык система тарабынан жүргүзүлүүчү жылытуу мезгили бүгүнкү күнгө карата туруктуу өтүүдө. «2019-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.  Ички иштер органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусундагы жыйында министрликтин 2018-жылкы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылдын 12 айында республика боюнча 29718 кылмыш катталган, бул 2017-жылдын көрсөтүлгөн мезгилине (27706) салыштырмалуу 7,2%га көп. Анын ичинде ички Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору» экономикалык форумуна катышты
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору» экономикалык форумунун ишине катышты. Өз сөзүндө ал Евразиялык экономикалык биримдиктин ишкер чөйрөсү менен диалог жүргүзүү зарыл экендигин, анкени ал Биримдик интеграциясынын бардык багыттары боюнча бизнестин укугун жана жоопкерчилигин натыйжалуу түшүндүрүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи. Вице-премьер-министр Биримдиктин ырааттуу өнүгүүсүн, анын дүйнөдөгү аброю жогорулап жаткандыгын жана үчүнчү өлкөлөрдүн Уландысы

Салыктык чегерүүлөрдү жана камсыздоо төлөмдөрүн (текстилдик жана тигүү өндүрүшүндө алектенгендер үчүн) оптимизациялоого багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты
24
Үчтун айы

Жеңил өнөр жайы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жумуш орундарынын санын көбөйтүү, өндүрүштүн жана өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнүн өсүшүнө дем берүү, иштеп жаткан ишкерлерди экономиканын көзөмөлгө алынбаган секторунан чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен биргеликте «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Азия Кубогунан кайткан улуттук кураманын футболчуларын тосуп алды
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортунда футбол боюнча 2019-жылдагы Азия Кубогунан (БАЭ) кайткан Кыргызстандын улуттук курамасынын футболчуларын тосуп алды. Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан атамекендик футболчуларга жана машыктыруучу курамга турнирдеги татыктуу оюн жана мекендештерине тартуулаган сезимдер үчүн ыраазычылык билдирди. «Мен, миллиондогон башка күйөрмандар сыяктуу эле өлкөбүз үчүн сыймыктанып турдум жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Министрлик жана ведомстволордун маалыматтык базаларын автоматташтыруу боюнча ырааттуу жана так ишти камсыздоо зарыл
24
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун алкагындагы мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү маселеси бүгүнкү күндө актуалдуу болуп саналаарын баса белгиледи. Премьер-министр эскерткендей, 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында процесстерди автоматташтырууну киргизүү боюнча тутумдуу чечимдер кабыл алынган. Анын Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР