25 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Атамекендик тамак-аш азыктары өлкөгө чет элдик туристтерди тартууда бренд катары таанылышы керек
25
Үчтун айы

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө маселе талкууланды. Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасады. Тийиштүү министрлик жетекчиси 2019-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйрук Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев миграция чөйрөсүнүн актуалдуу маселелерине кеңири токтолду
25
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн миграция тармагындагы учурдагы абал талкууланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынын жүрүшүндө анын актуалдуу маселелерине токтолду. Өкмөт башчы бул маселенин  маанилүүгүн өзгөчө белгилеп, БУУ маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча мигранттардын саны 260 млн адамды түзөрүн билдирди. «Бул дүйнө өлкөлөрүнө жана анын ичинде Кыргызстанга таасирин тийгизген табигый процесс болуп саналат. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Туризм экономиканын келечектүү тармагы болуп саналгандыктан ага чоң ишеним артылат
25
Үчтун айы

Туризм экономиканын келечектүү тармагы болуп саналат, ошондуктан ага чоң ишеним артылат, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында.  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» маселеси боюнча баяндама жасады. Өкмөт башчы белгилегендей, бизде туристтерди тарта турган нерселер: Уландысы

Өкмөттүн жыйынынын жүрүшүндө миграция жаатындагы учурдагы абал тууралуу маселе талкууланды
25
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө өлкөнүн миграция тармагындагы учурдагы абал тууралуу маселе талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов тиешелүү баяндама жасады. Ал маалымдагандай, бүгүнкү күнү расмий статистикага ылайык, 700 миңден ашуун жарандарыбыз эмгек миграциясында жүрүшөт. Алардын ичинде баалоочу маалыматтар боюнча Россияда – 663 миңден ашык, Казакстанда – 30 миң, Түштүк Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: 2019-жыл – биз жасаган иштердин жыйынтыгын көрсөтө турган маанилүү жыл
25
Үчтун айы

2019-жыл – биз жасаган иштердин жыйынтыгын көрсөтө турган маанилүү жыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны учурунда билдирди. Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл өлкө үчүн оңой жыл болгон жок жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Мамлекет башчылар кеңешинин Саммити сыяктуу эл аралык Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө
25
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйында Кыргыз Республикасындагы миграциянын абалы жөнүндө маселе каралууда. Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга туризм чөйрөсүн өнүктүрүү программасы жана 2019-жылы сезондуу талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары талкууланат. Жыйындын күн Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР