30 Үчтун айы архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: 2018-жыл атамекендик спорт үчүн абдан ийгиликтүү жылдардан болду
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынына катышты. Кеңешменин жүрүшүндө ведомствонун 2018-жыл үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттери талкууланды. Мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов жана анын орун басарлары тейлеген багыттары боюнча тийиштүү маалымат беришти. Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстандын табигый ресурстары – бул өлкөнүн мүлкү жана байлыгы, мамлекеттин учурдагы өнүгүшү жана эртеңки келечеги
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Кыргыз Республикасын Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар боюнча сөз сүйлөдү. Премьер-министрдин айтымында, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү отурумуна алынып чыккан маселе – социалдык-экономикалык жактан да, коомчулуктагы мааниси жагынан да актуалдуу жана өз убагында көтөрүлүп жатат. “Кыргызстандын табигый ресурстары – бул өлкөнүн мүлкү жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо кен тармагын өнүктүрүү артыкчылыктарын белгиледи
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында тоо кен тармагын өнүктүрүү артыкчылыктарын белгиледи. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик тоо кен ишканасын түзүү маселеси каралып жатат. Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, «Кумтөр» алтын кенинин запасы азайгандыгына Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты
30
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө аймакты 2018-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер тууралуу маалымат берилди. Вице-премьер-министр өз сөзүндө өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердигиндеги негизги багыттарга токтолду. Анын айтымында, аткаруу органдарынын ишмердигиндеги башкы артыкчылык катары – райондордун жана Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР