31 Үчтун айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына келди
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-февралында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы (Казакстан Республикасы) шаарына келди. Өкмөт башчы ЕӨАК тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат, анда  интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, Уландысы

Өкмөттө жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы жатак түрүндөгү балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча иш-аракеттер Планынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынын өткөрдү. Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков үй-бүлө институтун бекемдөөнүн жана баланы үй-бүлөлүк камкордук укугу менен камсыздоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин учурдагы тутумун талдоону Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 1-февралда Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат. Жыйындын жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары талкууланат. Мындан тышкары ЕӨАК кезектеги жыйынына Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев калкты электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жылытуу мезгилинен өтүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга кыш мезгилиндеги өлкөнүн энергетикалык тутумунун жана күтүлүүчү аба-ырайынын шарттарын эске алуу менен республиканын негизги энергетикалык объекттеринин учурдагы иши тууралуу маалымат берилди. Жылытуу тутумдарындагы, социалдык мекемелердеги жана отун сатуу пункттарындагы отунга жана көмүргө карата учурдагы муктаждыктар жана анын запастарына тийиштүү Уландысы

Каримберди Турапов А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды
31
Үчтун айы

Турапов Каримберди Ырысалиевич А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов ээлеген кызматынан бошотулду
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Осмонов Болот Салбарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөт заманбап сервистерди киргизүүнү жана бизнес жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөштүрүүнү улантат
31
Үчтун айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынды ачып жатып Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү жолугушуунун максаты – Кеңештин өткөн жылдагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу жана келечек пландарды талкуулоо болуп саналат. «Сиздер билгендей, Дүйнөлүк банктын «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча республикабыз өз позициясын 7 позицияга жакшыртып, учурда Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР