Бирдин айы 2019 айынын архиви

Президенттин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө салым кошкон жарандар сыйланды
28
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууга өзгөчө салым кошкон жарандар сыйланды. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон өзгөчө салымы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашырууда ак ниеттүүлүк менен аткарган эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды: Маматаев Эркинбек Садирбекович, Жалал-Абад облусунун Ноокен Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөттүн идеологиясында камтылган башкы милдеттердин бири – жумуш ордун түзүү
28
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири жаңы, анын ичинде айыл жеринде жумуш орундарын түзүү болуп саналат, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын жүрүшүндө.  «Өлкө Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө чечими туура болгон. Былтыркы жылы башталган иш улантылат. Биз үчүн Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз аймактарда адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн бардык күч-аракеттерди бириктирүүгө тийишпиз
28
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын ишине катышты.  Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн атайын конференцияны өткөрүү жөнүндө Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси актуалдуу жана өз убагында болгонун баса белгиледи. «Аны өткөрүү жөнүндө идея мурдатан айтылып, бирок ар кандай себептерден улам ишке ашырылбай Уландысы

Жүк жөнөтүүчүлөргө экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө 50 пайыздык жеңилдиктер берилди
28
Бирдин айы

Жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдик жана кошумча кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) 50 пайыздык жеңилдиктер берилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул чечим айыл чарба продукцияларынын экспортун илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү Уландысы

Замирбек Аскаров: Аймактарда адамдык капиталды өнүктүрүү – социалдык-экономикалык өнүгүү жана саясий туруктуулуктун кепилдиги
27
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Кыргыз Республикасы: аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясынын алкагында «Аймактарды туруктуу жана инклюзивдик өнүктүрүү» тематикалык сессиясында модератор катары сөз сүйлөдү. «Мамлекет башчынын «2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында биз аймактарда жашоо шартын жогорулатуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө тийишпиз. Бул, анын ичинде, инфраструктура маселелерине,  Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту
27
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы ар кыл тармактарда кызматташуу маселелери, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды. Андрей Широков Өкмөт башчыга инфраструктура, айыл чарба жана энергетика чөйрөсүндөгү Фонд тарабынан ишке Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы төрөлгөн наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү тапшырды
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда жарыкка келген төрт наристеге жана анын энесине тийиштүү кам көрүп, кароого алууну тапшырды. Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаңы көз жарган эненин абалынан кабар алып, абалы начар бойдон калып жаткан төрт эмге жана анын энесине комплекстүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин көзөмөлгө Уландысы

2019-2021-жылдарга карата мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларын ишке ашыруу боюнча Пландын долбооруна карата түшүндүрүү
26
Бирдин айы

Мамлекеттин антикоррупциялык саясатын ишке ашыруу максатында 2019-2021-жылдарга карата мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларын ишке ашыруу боюнча Пландын долбоору иштелип чыккан. 2019-жылдын 15-февралында План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган. Башка иш-чаралардан тышкары Планда төмөнкүлөр каралган: 1) банктык эсептердин борборлоштурулган реестрин түзүү, ал бенефициардык менчик ээлери тууралуу да маалыматтарды камтыйт жана финансылык тергөөлөрдүн жүрүшүндө банктык Уландысы

1 2 3 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР