Бирдин айы 2019 айынын архиви

Омур Ногоев Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
26
Бирдин айы

Ногоев Омур Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү                

Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
26
Бирдин айы

Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Данияр Арпачиев Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
26
Бирдин айы

Арпачиев Данияр Карагулович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: «Жаштар туризмин өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири катары саналат»
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-өлкөлөрдүн «Туризмди өнүктүрүү» боюнча жаштар форумунун ишине катышты. «2019-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылат жана алдыда өтө турган саммиттин алкагындагы иш-чаралар биз үчүн маанилүү болуп саналат. Заманбап дүйнөдө туризм дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүүчү тармагы болуп саналат. Муну эске алуу менен туризм кыргыз экономикасынын артыкчылыктуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу энергетикалык зор потенциалын жана аймактын өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү боюнча пландарды эске алуу менен гидроэнергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташуу келечектери талкууланды. Белгилегендей, тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу тышкы инвестицияларды тартууну жана Уландысы

Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо жандандырылды
26
Бирдин айы

Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун»  тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен суусуз калган Ош облусунун калктуу жерлерин ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Буга чейин маалымдалгандай, бул компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан. Кырдаалды изилдөө боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Уландысы

Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
25
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Иш-чара Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы алдында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаевдин жана ЕЭК Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды. Аталган маселени чечүү максатында Уландысы

1 2 3 4 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР