Бирдин айы 2019 айынын архиви

Замирбек Аскаров: Жетекчини иштен алуу жетишсиз, натыйжасыз иш үчүн жоопкерчилигин карап чыгуу зарыл
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун катышуусунда мамлекеттик баланста турган Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжалуулугу маселеси боюнча кеңешме өттү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышышты. Замирбек Аскаров өз сөзүндө мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжасыздыгын белгиледи. «Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров МЖӨ алкагында ачылган жаңы диализ борборуна барды
22
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Замирбек Аскаров «Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында диализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча ачылган диализдик борборго барды. Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдик Республикасы) компаниясы менен «Гемодиализ кызматтарын уюштуруу» МЖӨ долбоору боюнча өнөктөштүктө ачылды. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, ГФР, Венгрия элчиликтеринин жана Фрезениус Медикал Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ЭКККМК жеке курамын финансы полициясынын күнү менен куттуктады
22
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын финансы полиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышты. Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан куттуктоо сөз айтты. Ал өз сөзүндө белгилегендей, өлкө экономикасынын өнүгүүсүндө финансы полициясы органдарынын ролу зор. «Финансы полициясы – экономикалык коопсуздукту жана бизнести коргоо боюнча кенен ыйгарым укуктары бар орган. 26 жыл Уландысы

Өкмөттө Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өттү
22
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасында Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин биринчи жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Президенттин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планына жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын аймактык саясат Концепциясын, ошондой эле «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча Уландысы

Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды
22
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылы Ош шаары Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялануусу алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселеси талкууланды. Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана өлкөнүн Өкмөтү аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууда, анткени, Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин курамы бекитилди
22
Бирдин айы

Коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекет тарабынан ишке ашырылган коррупцияга каршы чараларды маалыматтык колдоо, ошондой эле бул чөйрөдө жарандарга маалыматтын өз убагында жеткиликтүүлүгүн камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын коомчулук менен өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 427-б буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш жөнүндө Жобонун жаңы редакциясы жактырылган. Уландысы

Министрликтердин жана административдик ведомстволордун айрым жетекчилерине эскертүү берилди
22
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү жарыяланды:  - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Уландысы

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Каныбек Камбаралиев ээлеген кызматынан бошотулду
22
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин биринчи орун басары Камбаралиев Каныбек Чолпонкулович ээлеген кызматынан бошотулду.  Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2 3 4 5 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР