1 Бирдин айы архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
1
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышты. ЕӨАК жыйынынын жүрүшүндө тар жана кеңири курамда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Биримдиктин санариптик күн тартибинин долбоорлорун ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода жүргүзүүсү, аларды экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча чаралары талкууланды. Жыйынтыгында өкмөт башчылар тарабынан Уландысы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду
1
Бирдин айы

Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюлду.  Атап айтканда, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары төмөнкү келишимдерге жана чечимдерге кол коюшту:  - ЕАЭБ санариптик күн тартиби алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери жөнүндө; – Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2018-жылдын 27-июлундагы № 10 тапшырмасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө; Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргыз тарап күч-аракетин топтоштуруп, ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында активдүү иш жүргүзүүгө даярдыгын билдирет
1
Бирдин айы

«Кыргыз тарап күч-аракетин топтоштуруп, ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында активдүү иш жүргүзүүгө даярдыгын билдирет», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кеңири курамдагы кезектеги жыйынынын жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагындагы өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуу Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Тарифтер мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн сакталгандыгын камсыздоого тийиш
1
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин ведомствонун 2018-жылга карата ишмердигинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2019-жылга артыкчылыктуу милдеттерди талкуулоо боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Коллегияда жөнгө салуучу агенттиктин бюджетке 162 млн сом көлөмүндө кирешелүүлүктү камсыздоо, 2018-жылы көмүрдүн баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө, 11,4 миңден ашуун баа жана тарифтерди жаңылоо боюнча Уландысы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өтүүдө
1
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы (Казакстан Республикасы) шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышууда. Тар чөйрөдөгү жыйындын башталышында ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү иш-чарасы өттү. Андан соң өкмөт башчылар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына киришти, анын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле Биримдиктин алкагында келечектүү интергациялоо Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстан ЕАЭБге кошулуусунун алгачкы күндөрүнөн тарта санариптик интеграциялоо жаатында активдүү иш жүргүзүүдө
1
Бирдин айы

«Кыргызстан ЕАЭБге кошулуусунун алгачкы күндөрүнөн тарта санариптик интеграциялоо жаатында активдүү иш жүргүзүүдө», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында (Казкстан Республикасы) өтүп жаткан «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» форумунун жалпы жыйынынын жүрүшүндө. Өкмөт башчы белгилегендей, технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы малыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасында «Санариптик Кыргызстан» аттуу беш жылдык Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР