2 Бирдин айы архиви

2019-2023-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасы бекитилди
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  Программада жана Иш-чаралар планында туристтик тармакты өнүктүрүүнүн локомотиви катары саналган өлкө аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, Программада өлкөнүн артыкчылыктуу саналган жаратылыш жана тарахый-маданий обьектилеринин картасы чагылдырылган, алар атамекендик туризмди өнүктүрүү боюнча Уландысы

Туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы түзүлүүдө.  Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасы туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекеттик менчикте турган санаториялык-курорттук уюмдарды рационалдуу пайдалануу максатында түзүлүүдө. «Кыргыз туризм» Мамлекеттик ишканасынын милдети болуп төмөнкүлөр саналат: – туризм тармагындагы мамлекеттик Уландысы

Белгилүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү
2
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча комитети түзүлдү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Уюштуруу комитетинин төрагасы катары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бекитилди. Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР