5 Бирдин айы архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн коллегиялык жыйынына катышты
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты.  Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө аймакты 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер тууралуу маалымат берилди. Өз сөзүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердигинин негизги багыттарын белгиледи. «Өткөн жылы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү оң динамикага чыкты.  Республиканын ИДПсы 2018-жылы 3,5%га өсүп, Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков РФ эксперттик тобу менен аскердик-экономикалык кызматташтыктын келечегин талкуулады
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Россия Федерациясынын эксперттик тобунун мүчөлөрү менен аскердик-өнөр жай комплекси жана коргонуу өнөр жайынын өндүрүштүк ишканалары маселеси боюнча жолугушту. Аталган топ Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын макулдашуусу боюнча түзүлгөн жана өлкөгө эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн иликтөө үчүн келген. Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасы аталган маселе боюнча өз-ара аракеттешүүдөгү практикалык Уландысы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө аймактын 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2019-жылга артыкчылыктуу милдеттери тууралуу маалымат берилди. Өз сөзүндө биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү боюнча процесс 2018-жыл менен чектелген эмес. Үстүбүздөгү жылы аталган иш улантылат, анткени, 2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгиледи
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйынына катышты. Анын жүрүшүндө 2018-жылкы ыкчам-кызматтык иштин жыйынтыгы чыгарылып, ведомство алдында турган биринчи кезектеги милдеттер талкууланды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын структуралык түзүм жетекчилери тийиштүү багыттар боюнча маалымат беришти. 2018-жылы финансылык полиция органдары тарабынан ачыкталган укук Уландысы

Султан Мамасадыков КР МБК төрагасынын орун басары кызматына дайындалды
5
Бирдин айы

Мамасадыков Султан Алайбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Сүйүнтбек Аликеев КР ӨЭЖПМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Аликеев Сүйүнтбек Сакыевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Шамиль Бердалиев КР МБК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
5
Бирдин айы

Бердалиев Шамиль Шамшиевич берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Азизбек Ороков КР ӨЭЖПМК төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
5
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Ороков Азизбек Бакыевич Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

1 2
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР