12 Бирдин айы архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы үйдө чыккан өрттүн натыйжасында истүү газдан ууланган балдардын абалынан кабар алды
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова «Келечек» конушундагы үйдө чыккан өрттүн натыйжасында истүү газдан ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүндөгү балдардын абалынан кабар алды. Өрттөн улам үй-бүлө жашаган турак-жай толугу менен күйүп кеткен, натыйжада, 2015, 2016, 2017-жылы туулган үч бала ууланган. Учурда балдар Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жатат (№3 балдар ооруканасы). Вице-премьер-министр Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты, анын жүрүшүндө ведомствонун 2018-жылкы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу баяндаманы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынын м.а. Эрмек Мамыркалиев жасады. «2018-жылы Бишкек-Ош унаа жолунда аймакта алгач ирет төлөм кабыл алуу пункттарында Уландысы

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештерине сынак тууралуу жарыя
12
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары – Комиссия) төмөнкү мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жаңы/учурдагы курамына коомчулук өкүлдөрүн, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, министрлик жана административдик ведомстволордун ишмердүүлүгүнө тийиштүү тармактардын экспертик чөйрөсүнүн, кесипкөй жана тармактык уюмдардын өкүлдөрүн кошумча сынакка тандоо Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР