13 Бирдин айы архиви

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билим берүү тутумунун негизги артыкчылыктарын белгиледи
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева министрликтин 2018-жылкы ишинин негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, ошондой эле үстүбүздөгү жылы аткарыла турган биринчи кезектеги милдеттерге токтолду. Мындан тышкары, өлкөнүн билим берүү мекемелеринин жетекчилери өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбековду мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотту
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчыга атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу маалымат берилди. Тийиштүү министрлик жана ведомстволор мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү, борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу боюнча механизмдерди, катышуучуларга Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты, анын жүрүшүндө министрликтин 2018-жылкы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. ӨКМ статс-катчысы Азамат Мамбетов маалымдагандай, 2018-жылы республика боюнча жалпысынан ар кыл мүнөздөгү 99 кырсык катталган, анын натыйжасында, 1 млрд сомдон ашуун материалдык зыян келип түшкөн. Анын айтымында, 2017-жылга салыштырмалуу Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдагы ведомствонун ишмердигинин жыйынтыгы жана 2019-жылга карата артыкчылыктуу милдеттери боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Тиешелүү маалымат менен Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков сүйлөштү. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүүнүн алгачкы күнү жолдордогу абал өзгөрө баштагандыгын көрсөттү
13
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг жүргүзүү борборуна барды. Өкмөт башчы жалпы жарандарды масштабуу жана маанилүү «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке кириши менен куттуктады. «Кечээтен тарта видеофиксациялоо камералары жана аппараттык-программалык комплекстер Бишкек шаарындагы жол эрежесин бузууларды каттоого ала баштады. Бул долбоорду ар кандай себептер Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР