23 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды. Аталган маселени чечүү максатында Уландысы

Замирбек Аскаров: Жетекчини иштен алуу жетишсиз, натыйжасыз иш үчүн жоопкерчилигин карап чыгуу зарыл
23
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун катышуусунда мамлекеттик баланста турган Ысык-Көл облусундагы мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжалуулугу маселеси боюнча кеңешме өттү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын жана бир катар тийиштүү ведомстволордун жетекчилери катышышты. Замирбек Аскаров өз сөзүндө мамлекеттик менчиктеги пансионаттардын ишинин натыйжасыздыгын белгиледи. «Эс алуучулар арасында суроо-талапка карабастан, пансионаттардан Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР