26 Бирдин айы архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы төрөлгөн наристелердин өмүрүн сактап калуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүнү тапшырды
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда жарыкка келген төрт наристеге жана анын энесине тийиштүү кам көрүп, кароого алууну тапшырды. Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаңы көз жарган эненин абалынан кабар алып, абалы начар бойдон калып жаткан төрт эмге жана анын энесине комплекстүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин көзөмөлгө Уландысы

2019-2021-жылдарга карата мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларын ишке ашыруу боюнча Пландын долбооруна карата түшүндүрүү
26
Бирдин айы

Мамлекеттин антикоррупциялык саясатын ишке ашыруу максатында 2019-2021-жылдарга карата мамлекеттик органдардын антикоррупциялык чараларын ишке ашыруу боюнча Пландын долбоору иштелип чыккан. 2019-жылдын 15-февралында План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган. Башка иш-чаралардан тышкары Планда төмөнкүлөр каралган: 1) банктык эсептердин борборлоштурулган реестрин түзүү, ал бенефициардык менчик ээлери тууралуу да маалыматтарды камтыйт жана финансылык тергөөлөрдүн жүрүшүндө банктык Уландысы

Омур Ногоев Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
26
Бирдин айы

Ногоев Омур Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү                

Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
26
Бирдин айы

Шаршеналиев Нурлан Алтымышович Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Данияр Арпачиев Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды
26
Бирдин айы

Арпачиев Данияр Карагулович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова: «Жаштар туризмин өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири катары саналат»
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-өлкөлөрдүн «Туризмди өнүктүрүү» боюнча жаштар форумунун ишине катышты. «2019-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылат жана алдыда өтө турган саммиттин алкагындагы иш-чаралар биз үчүн маанилүү болуп саналат. Заманбап дүйнөдө туризм дүйнөлүк экономиканын тез өнүгүүчү тармагы болуп саналат. Муну эске алуу менен туризм кыргыз экономикасынын артыкчылыктуу Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ААК башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту
26
Бирдин айы

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Русгидро» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Николай Шульгинов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын суу энергетикалык зор потенциалын жана аймактын өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү боюнча пландарды эске алуу менен гидроэнергетикалык тармакта өз ара пайдалуу кызматташуу келечектери талкууланды. Белгилегендей, тышкы гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу тышкы инвестицияларды тартууну жана Уландысы

Өзгөн районуна караштуу Зергер жана Кара-Таш айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо жандандырылды
26
Бирдин айы

Кум-Бел көмүр кениндеги «Цзинь Лун»  тоо кен ишканасынын зыяндуу калдыктарынын кошулуусунун кесепетинен суусуз калган Ош облусунун калктуу жерлерин ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү чаралар көрүлдү. Буга чейин маалымдалгандай, бул компаниянын иши токтотулуп, ичүүчү сууну жашоочуларга суу ташуучу унаа менен жеткирип жатышкан. Кырдаалды изилдөө боюнча атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР