Жалган куран 2019 айынын архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев долбоордук-сметалык документацияны кабыл алуу жана комплекстүү экспертиза жүргүзүү боюнча «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты
30
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында ишке берилген долбоордук-сметалык документацияны кабыл алуу жана комплекстүү экспертиза жүргүзүү боюнча «Бирдиктүү терезенин» иши менен таанышты. Долбоор архитектуралык-курулуш субъекттеринин ишмердиги  жана кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоо, куруу жана башка өзгөртүүлөргө  документтерди берүү жана курулуш тармагындагы эксплуатацияга берилген объекттерди Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын отканаларында күн коллекторлорун колдонууну кеңейтүүнү тапшырды
30
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын «Орто-Сай» жана «Ротор» отканаларындагы күн коллекторлорунун иши менен таанышты. Өкмөт башчы отканаларды карап чыгып, суу жылытуу үчүн колдонулган күн коллекторлорунун иштөө принциптери менен таанышып чыкты. Белгиленгендей, борбор калаадагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана атмосферага тараган булгоочу заттардын бөлүнүшүн азайтуу максатында жаратылыш коргоо иш-чараларын тең каржылоого күн Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москвада ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты
30
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусундагы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Кеңештин жыйынынын күн тартибинде интеграцияны, өнөр жайды өнүктүрүү, соода чөйрөсүндө кызматташуу жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБ жалпы эмгек рыногун түзүү, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, ЕАЭБ Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Башкортостан Башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Радий Хабиров менен жолугушту
28
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Башкортостан Республикасынын (Россия Федерациясы) Башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Радий Хабиров менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы мейманды кыргыз жеринде жылуу тосуп алды жана Башкортостан Башчысынын сапары эки элдин терең тарыхый жана маданий байланыштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жана Башкортостан Республикасынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы күч берерине ишеним билдирди. Мухаммедкалый Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен кызматташуунун актуалдуу темаларын талкуулады
27
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Газпром» ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен кызматташуунун актуалдуу темаларын, ошондой эле Кыргызстандын газ тармагын мындан ары карай өнүктүрүү, газ менен камсыздоо объекттерин модернизациялоо жана аймактарды газдаштыруу боюнча компаниянын пландарын талкуулашты. Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, бул жолугушуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алдында өтүп Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Кыргызстандын продукцияларын экспортоо-импорттоодогу тоскоолдуктарды жана ашыкча чектөөлөрдү алып салуу боюнча иштерди тездетүү зарыл
27
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» Сегизинчи кыргыз-россия аймактар аралык конференциясынын ишине катышты. Белгилей кетсек, иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик иш сапарынын алдында өтүп жатат. Россия делегациясынын өкүлдөрү жана башка катышуучулар менен саламдашууда Замирбек Аскаров эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өлкөлөрдүн жана элдердин мамилелериндеги Уландысы

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров: Күчтүү жана натыйжалуу менеджмент аркылуу мамлекеттик копаниялар экономиканын локомотиви боло алышат
26
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров «Мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу» конференциясына катышты. Замирбей Аскаров саламдашуу сөзүндө белгилегендей, мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун арттыруу ар бир өкмөт үчүн актуалдуу маселе болуп саналат. «Белгилей кетсем, акыркы жылдары республикада мамлекеттик активдерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу иштерин пландуу түрдө жүргүзүлүп жатат. Мамлекеттик мүлктү тескөө процесстеринин Уландысы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү
26
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Координациялык кеңеш консультациялык-кеңешме орган, анын максаты – адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле адам укугу жаатында эл аралык милдеттемелерди ишке ашыруу болуп саналат. Координациялык кеңештин жыйынында төмөнкү маселелер каралган: Уландысы

1 2 3 9
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР