14 Жалган куран архиви

Мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө
14
Жалган куран

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү уланууда. Окуя болгон жерге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Иброхим Азим келишкен. Мурдараак Жеңиш Разаков жергиликтүү калк, анын ичинде аксакалдар жана жаштар өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда чек арада кырдаалды мындан аркы эскалация кылууга Уландысы

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эстониянын Президенти Керсти Кальюлайд менен жолугушту
14
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 63-сессиясынын алкагында Эстония Республикасынын Президенти Керсти Кальюлайд менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерге жогорку баа берип, Эстониянын Президенти Керсти Кальюлайдды 2019-жылдын 3-мартындагы парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Алтынай Өмүрбекова эстон тараптын Кыргыз Республикасына электрондук өкмөттү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү
14
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөшүштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги учурдагы абалды жана болуп өткөн чек ара окуясын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты. Кырдаалды жөнгө салууга жана өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана коңшулаштык мамилелерди эске алуу менен эки мамлекеттин чек Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн 2019-жылга карата артыкчылыктарын белгиледи
14
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрүп, 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктарды белгиледи. «Башкы милдет ИДПнын 4% кем эмес өсүүсүнө жетишүү  болуп саналат. Бул үчүн багыттуу иштөө жана ар бир жетекчиге конкреттүү инвестициялык долбоорлорду жана МЖӨ долбоорлорду бекитүү зарыл. Биз экспортту, бюджетке салыктык түшүүлөрдү жана  бажы алымдарын Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Башкы милдеттердин бири – бул 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясынын жана 2019-жылга карата Өкмөттүн Программасынын чараларын сапаттуу аткаруу
14
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев министрлик жана ведомстволордун жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн жылдагы иштин жыйынтыктарын чыгаруу мезгили аяктады, бардык мамлекеттик органдарда жыйынтыктоочу коллегиялар өттү, февралдын соңунда Өкмөттүн жыйынында 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктарына баа берилди. «Жыл оңой болгон жок. Дүйнөлүк экономикада атаандаштык процесстеринин күч алышынын өңүтүнөн алганда экономикалык өсүү темпин 3,5% Уландысы

Бишкекте Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өттү
14
Жалган куран

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Султан Аль Мансуринин төрагалыгы алдында Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны өттү. Тар жана кеңири курамда өткөн комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө эки жактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселелери, ошондой эле айыл чарба, маалыматтык технологиялар, туризм, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР