16 Жалган куран архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Ата районунда жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышты
16
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунда жазгы-талаа иштеринин жана каналдарды мелиоративдик тазалоонун жүрүшү менен таанышты. Өкмөт башчы Чыгыш Чоң Чүй каналын тазалоонун жүрүшү, Бирдик айылындагы «Чумыш» каналынын жээгин бекемдөө иштери, ошондой эле Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы суу сактагычтагы тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Премьер-министрге сугат каналдарынын сапаттуу ишин камсыздоо Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы республикалык ишембиликке катышты
16
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышышты. Иш-чара республиканын шаарларын жана калктуу конуштарынын аймактарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында уюштурулган. Ишембилик Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында өттү. Иш-чаранын алкагында Премьер-министр жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери бактардын көчөттөрүн отургузушту жана парктын аймагындагы таштандыларды тазалашты. Уландысы

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды
16
Жалган куран

Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы ишке ашырылды. Мурдараак Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Баткен-Исфана-Баткен убактылуу аба каттамын уюштуруу тууралуу тийиштүү чечими кабыл алынган. Каттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Баткен-Исфана багыты боюнча биринчи аба каттамы менен 83 адам учкан. Белгилей кетсек, каттам акысыз негизде ишке ашырылды. Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту
16
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып, алар тейлеген чөйрөлөрүн өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүү боюнча келечектүү долбоорлор тууралуу бет ачар сунушташты. Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы баса белгилегендей, 2018-жыл биздин өлкө үчүн оңой жыл болгон жок, өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ӨР Премьер-министринин биринчи орун басары эки жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты
16
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Борбор Азия экономикалык форумуна катышуунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары – транспорт министри Ачилбай Раматов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин бардык багыты боюнча конструктивдүү диалог жүргүзүү ниеттерин ырасташып, соода, инвестициялар жана транспорт тармактарында, ошондой эле суу-энергетикалык маселелеринде эки жактуу кызматташтыктын Уландысы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ташкентте Борбор Азия экономикалык форумунун жыйынына катышууда
16
Жалган куран

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) Борбор Азия экономикалык форумунун (БАЭФ) пленардык жыйынына катышууда. Кубатбек Боронов өз сөзүндө белгилегендей, биздин алдыбызда өлкөлөрбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарын жаңы деңгээлге чыгаруу милдети турат. «Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык потенциал толук кандуу пайдаланылбай жатканын эске алуу менен товар жүгүртүүнүн көлөмү көптөгөн жылдар бою жетишсиз Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР