Чын куран 2019 айынын архиви

Фоторепортаж – Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны аяктады
30
Чын куран

Бүгүн, 30-апрелде, Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ар тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму ЕАЭБ ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды
30
Чын куран

Кыргыз Республикасынын ветеринардык тутуму Евразия экономикалык биримдигинин ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Армения Республикасынын Ереван шаарында өткөн Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью берип жатып айтты. «Кыргыз тараптан мен өкүл болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин деңгээлинде чечимге кол коюлду, ага Уландысы

Ереван шаарында ЕӨАК жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
30
Чын куран

Бүгүн, 30-апрелде, Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө төмөнкү документтер каралды: – «Өнөр жай кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялар трансфери Евразиялык түйүнү» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» Чечим; – «Армения Республикасынын,  Кыргыз Республикасынын жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: ЕАЭБ алкагында товар сатуу масштабы жана структурасы өз ара кызматташуунун оң динамикасын күбөлөндүрөт
30
Чын куран

ЕАЭБ алкагында товар сатуу масштабы жана структурасы өз ара кызматташуунун оң динамикасын күбөлөндүрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения Республикасынын Ереван шаарында Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. «Быйыл евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгын жана Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Келишимге кол коюлушунун беш жылдыгын белгилейбиз. Бул мезгил аралыгында Биримдиктин укуктук базасын Уландысы

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды
30
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда. Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексте өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын баштоо алдында делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болду. Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян тар чөйрөдөгү жыйынды ачып жатып баса белгилегендей, Уландысы

Аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүүгө тийиштүү түшүндүрмө
30
Чын куран

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары колдонуучу атайын каражаттардын тизмесин жана аларды сактоо тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 145 токтомуна тийиштүү төмөнкүлөрдү билдиребиз. Аталган токтом «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө», «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына келди
29
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) келди. Ереван шаарынын аэропортунан Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды. Маалымдама: Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына: – Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү
29
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жана дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды мамлекеттик сатып алууда орун алган көйгөйлөр тууралуу айтып берди. Анын Уландысы

1 2 3 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР