Чын куран 2019 айынын архиви

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат
29
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Армения Республикасынын Ереван шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчылары тарабынан Евразия экономикалык биримдигинин алкагында соода, өнөр жай, айыл чарбасы, транспорт, туризм,  илим жана инновациялар сыяктуу Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ЕБ Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки жактуу күн тартибинин, анын ичинде өлкөдөгү соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, ЕБ менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктарынын бири жана ал өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан Уландысы

МЖӨ алкагында Ош шаарында Кыргыз Республикасындагы үчүнчү диализ борбору ачылды
26
Чын куран

«Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу» мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында Ош шаарында жаңы диализ борборунун ачылышы болду. Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр (Германия Федеративдүү Республикасы) компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган. Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» токтомго кол койду
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Преференциалдык калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду. Документ 5 жылдык мөөнөттө жана 10 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү менен салыктын төрт түрү боюнча – сатуу салыгынан, киреше салыгынан, жер салыгынан жана өндүрүштүк, экспортко багытталган жана инновациялык ишканаларды ишке киргизүүдө кыймылсыз мүлк салыгынан бошотуу жолу менен республиканын аймактарында жана Уландысы

Өкмөттө 9-май Улуу Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын өткөрүү талкууланды
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкуловдун төрагалыгы алдында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын өткөрүү боюнча жумушчу кеңешме өттү. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү Иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргыз Уландысы

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кореялык компаниялардын өкүлдөрү менен келечектүү инвестицияларды талкуулады
26
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Корея Республикасынын Жалданма компаниялар эл аралык ассоциациясынын төрагасы Ли Кун-Ки, ошондой эле менен кореялык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттар жана келечектүү биргелешкен инвестициялык кызматташуу талкууланды. Вице-премьер-министр өзгөчө белгилегендей, Корея Республикасы Кыргыз Республикасынын Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. Жеңиш Разаков баса көрсөткөндөй, Уландысы

«ЮрАзия Кыргызстанда» ЖЧКсынын техникасы жана лицензиясынын аракети кайтарылды жана токтотулду
25
Чын куран

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жана Нарын облусунун Кочкор районунда жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинде экологиялык экспертиза аяктаганга чейин бардык иштерди токтотуу жөнүндө тапшырмасын аткаруу менен таанышты. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, бүгүнкү күнү кенди иштетүү жүргүзүлгөн эмес жана бардык иштер токтотулду, техникалар кайтарылып, инфраструктуралык объекттер мөөр басылып Уландысы

Жогорку Кеңеш Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды
25
Чын куран

Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун кароо улантылды. Буга чейин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, анын эл аралык рейтингдердеги позициялары, экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү жыйынтыктары, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берген. Мындан тышкары Премьер-министр жана министрликтердин Уландысы

1 2 3 4 11
© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР