1 Чын куран архиви

ФОТОРЕПОРТАЖ – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Баткен облусуна барды
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Баткен облусуна барды. Өкмөт башчы чектеш айылдардын ички жолдорунун абалын текшерди, ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектепке барып келди. Мындан тышкары Премьер-министр аталган айылдын жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксай айылынын жашоочулары менен жолугушту
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Аксай айылынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Өкмөт башчы белгилегендей, ал айылга жергиликтүү тургундардын маселелери менен жекече таанышып жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн келген. «Мен бүгүн Аксай – Рават жана Аксай – Тамдык унаа жолдорунун курулушун, айылдын кире беришиндеги көпүрөнү, мектепти көрүп Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун чектеш аймактарындагы жолдордун абалы менен таанышты
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна жумуш сапарынын алкагында аймактын чектеш райондорунун ички жолдорунун абалы менен таанышты. Өкмөт башчы Баткен районундагы Ак-Сай – Рават унаа жолунун абалын текшерип жана Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушу менен таанышып чыкты. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы узундугу 25 км Ак-Сай – Рават жолунун Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун активине Өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду тааныштырды
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы  жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду Баткен облусунун активине тааныштырды. Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Баткен облусу географиялык жайгашуу орду жана жаратылыш шарттарынан улам стратегиялык аймак болуп саналат, буга байланыштуу облустун жетекчилигинин алдында өзгөчө  милдеттер коюлган, аны маселени терең түшүнгөн адам гана чече алат. Премьер-министр Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Баткен облусуна барат
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-апрелде, Баткен облусуна жумуш сапары менен барат. Өкмөт башчы чектеш айылдардын ички жолдорунун абалын текшерип чыгат, ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектепке бармакчы. Мындан тышкары Премьер-министр бул айылдын жашоочулары менен жолугушуу өткөрөт.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
1
Чын куран

Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Абиш Халмурзаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Компания «Мансон Групп» «Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүүгө 75 млн АКШ долларынан ашуун инвестиция салат
1
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызалтын» ААК жана «Мансон Групп» ЖЧК ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлушуна байланыштуу «Макмал» алтын кенин мындан ары карай иштетүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчыга маалымдалгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын жана Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасын ишке ашыруунун алкагында Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР