5 Чын куран архиви

Дүйшөмбү шаарында мамлекеттик делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КР жана ТР өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйыны өтөт
5
Чын куран

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын кезектеги жыйынына катышат. Кыргызстандык делегациянын курамына өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү кирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз бардык мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттеринин рыноктук баасын билүүгө тийишпиз
5
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү, анда материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсебин алуунун жүрүшү талкууланды. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ринат Түлөбердиев сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө иштердин белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгынын негизги себептерин белгилеп, Уландысы

Өкмөттүн кезектеги жыйынында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары талкууланды
5
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары талкууланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо департаментинин директору Аскарбек Токтошев  тиешелүү баяндама жасады. Ал белгилегендей, ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы белгилүү бир жакшырууларга карабастан, бүгүнкү күнү айыл калкынын үчтөн Уландысы

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4% кыскарды
5
Чын куран

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселесин кароо учурунда билдирди. Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. Уландысы

Премьер-министр энергетика тармагынын жетекчилигин кескин сынга алды
5
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилигин жетишсиз иши үчүн кескин сынга алды. Мындай сын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында айтылды, анын күн  тартибинде 2018/2019-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык каралды. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов жана Уландысы

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз ЕАЭБ алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз
5
Чын куран

Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт башчы өзүнүн кириш сөзүндө Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин мурдараак Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыктарына токтолду, анын алкагында 6 млрд 135 млн АКШ доллары көлөмүндөгү 53 документке жана Өкмөт Уландысы

ФОТОРЕПОРТАЖ – Өкмөттүн кезектеги жыйынында жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана калкты таза суу менен камсыздоо чаралары каралууда
5
Чын куран

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 5-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Жыйындын жүрүшүндө 2018/2019-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктары жана 2019/2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жөнүндө, ошондой эле өлкө калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу чаралары каралууда. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов, Уландысы

© 2014, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ. БАРДЫК УКУКТАР